“Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борбору тарабынан студенттерге семинар өткөрүлдү


  • 2024-05-30

2024-жылдын 29-май күнү КТМУнун “Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борбору тарабынан уюштурулган студенттик жатакананын А блогунда студенттер үчүн “Жаман адаттардын (тамеки тартуунун, алкогольдун, баңги заттардын) зыяндуулугу” темасында семинар өткөрүлдү.

Семинарды врач-отоларинголог Бактыбек Алияскаров өтүп, студенттерге тамеки тартуунун, алкогольдун, баңги заттардын зыяндуулугу тууралуу деталдуу түшүндүрүп, жаштардын жаман адаттар менен болгон мамилеси жана алардан кантип арылуу керектиги боюнча маалымат берди.

Семинар суроо-жооп бөлүмү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7syEm_IsHb/

    Социалдык медиада бөлүшүү