“Манас” университетинин студенттери спортсмендин атлетикалык көрсөткүчтөрүн өлчөөчү электрондук аппарат иштеп чыгышты


  • 2024-06-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Хангелди Тыныбек уулу менен Тилек Жакыпбеков “Спортсмендин атлетикалык көрсөткүчтөрүн өлчөө үчүн электрондук системасынын дизайны жана колдонулушу” деген темадагы дипломдук иштин негизинде электрондук аппарат иштеп чыгышты. Бул аппарат инженердик факультети, спорт илимдери факультети менен кесиптик жогорку мектептин кызматашуусунда ишке ашты.

Электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мирбек Турдуев аталган аппаратты жасоо интердисциплинардык кызматашуунун алкагында ишке ашканын белгилеп, буларга токтолду: “Бизге спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков аппараты жасоо сунушу менен кайрылган. Спорт илимдери факультетинин деканатынын финансылык колдоосу менен долбоорду электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Хангелди Тыныбек уулу менен Тилек Жакыпбеков ишке ашырышты. Процесс учурунда кесиптик жогорку мектеп да жардам көрсөттү.”

Спортсмендин атлетикалык көрсөткүчтөрүн өлчөөчү электрондук аппараттын презентациясы үстүбүздөгү жылдын 31-майында болуп өттү. Ага проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева, спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков, электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, профессор Өзгүл Салор Дурна, электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мирбек Турдуев жана студенттер катышты.

Студенттердин илимий жетекчиси, профессор Мирбек Турдуевдин айтымында, аппаратты иштеп чыгууда айрым техникалык кыйынчылыктар жаралган, ага карабай бир жыл ичинде анын бардык бөлүмдөрүн өздөрү бүтүрүп, колдонууга берилди. “Манас” университетинин электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү мындай аппаратты жасоо менен Кыргызстанда дагы бир чоң ийгилик жаратышты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7wW15RNPT0/

    Социалдык медиада бөлүшүү