Көркөм өнөр факультети балдарга майрамдык маанай тартуулады


  • 2024-06-04

Сокулуктагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар реабилитациялык борборунда 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июнь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанапилов жана музыка бөлүмүнүн студенттери аталган борборго барып, балдарга майрамдык маанай тартуулап келишти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чыңгызбек Мамат уулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Илияз Ташкулов, Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Эдик Сартпаев, реабилитациялык борбордун мүдүрү Бакытбек Абдиев жана кызматкерлери, ата-энелер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга таттууларды таратып,  куттуктаган таланттуу студенттер кыргыз, орус жана испан тилдеринде обондуу ырларды аткарышып, эстен кеткис концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле келген конокторго реабилитациялык борбордогу балдар да концерт коюп, өнөрлөрүн тартуулашты.

Көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанапилов өз сөзүндө аталган борбордогу балдар абдан таланттуу экенин белгилеп, борбордун КТМУ менен кызматташууну улантып жатканын айтып, мекеменин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Реабилитациялык борбордун мүдүрү Бакытбек Абдиев “Манас” университети дайыма майрамдарда келип, балдардын маанайын көтөргөн иш-чараларды өткөрөрүн айтып,  окуу жайга ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, Абдиев келген конокторго мекеме тууралуу кыскача маалымат берди.

Жолугушуу КТМУнун атынан мекемеге компьютер, принтер жана балдарга керектүү атайын каражаттарды тапшыруу менен жагымдуу нотада соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7wXGL_N8pE/?igsh=MWNsemlxcm11eG5tMg==

    Социалдык медиада бөлүшүү