“Манас”университетинин студенттеринен “Жүрөктү жүрөк тандасын” аттуу чоң программадагы концерт


  • 2024-06-03

2024-жылдын 31-майында Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери конгресс жана маданият борборунда “Жүрөктү жүрөк тандасын” аттуу чоң программадагы концерт уюштурушту.

Ыр десте сунган кечеге көркөм өнөр факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана музыка сүйүүчүлөрү катышты.

Отчеттук концерт “Түрк дүйнөсү” оркестри, эстрадалык бэнд менен бирге саксофон, тромбон жана башка аспаптардын коштоосунда өтүп, кыргыз, түрк, англис жана башка тилдерде түрдүү жанрдагы дүйнөлүк хит ырлар; “Таң сыры”, “Барам сага”, “Мен ашык”, “Көзiмнен карасы”, “Мендеги ыйык махабат”, “Өмүр жөнүндө толгонуу”,  “Кыргыз жери”, “Түшүмө кирдиң түндө сен”, “Deniz Üstü Köpürür”, “Dillirga”,  “Sen misin ilacım”, “Rolling in the deep”,  “Can’t help falling in love”,  “Sway”, “На восток”, “Jamaica” ж.б. жаңырды.

Зал толо концертке келген эл дүйнөлүк мыкты ырларды таланттардан; Идин Болотбеков, Луиза Зулпубаева, Аэлита Рысбекова, Нурсултан Насиров, Апал Аманбай кызы, Рахат Бакытбекова, Телли Махмудова, Жазгүл Турдакунова, Телли Махмудова, Нурайым Талантбек кызы жана Гулзина Манаповадан  тыңдашып, чер жазып кетишти.

Кеченин аягында сөз сүйлөгөн көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин концерттик программаны уюштурууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирип, мындай деп улантты: “Эки сааттык концертке даярдык узак убакытты талап кылат. Биздин студенттер бул процессти ийгиликтүү аякташты. Ушундай жаркын жаштарды тарбиялап өстүргөн окутуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле таланттуу жаштарды бизге ишенип тапшырган алардын үй-бүлөлөрүнө да терең ыраазычылык билдирем.”

Таланттуу студенттерди колдоо максатында алыскы Токтогул районунан келген музыка сүйүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирген Кыргыз Республикасынын Эл артисти, көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Анарбек Ибраев: “Бүгүнкү концертте биринчи жолу чыгып жаткан студенттер бар, буга чейин бир нече жолу сахнага чыккандар бар. Алардын эмгеги абдан зор деп эсептейм. Көркөмүңөр өсүп, канатыңар  кенен жайылып , чоң искусстводо кенен карыш сала бериңиздер”, - деп отчёттук концерт абдан ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Музыка бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Карагул Тиленчиев таланттуу студенттер түрдүү аспаптарда кол ойнотуп, мукам үндөрү менен ийгиликтерди багындырып жатышканын айтып, мында факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын да салымы чоң экенин баса белгиледи.

Эки саатка созулган отчеттук концерт жагымдуу нотада соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C70qoeutfse/?igsh=dm9idWZhcTNwZng1

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7wC-BqtYag/?igsh=b2M5M2Uyb3hwY3Bx

    Социалдык медиада бөлүшүү