Түркиянын алдыңкы ортопеддеринин бири, профессор Өмер Селим Йылдырым “Манас” университетинде


  • 2024-06-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2024-жылдын 4-июнунда ректораттын жыйындар залында маанилүү семинар өткөрдү.

Семинарга Түркиянын алдыңкы ортопеддеринин бири, Ататүрк университетинин медицина факультетинин ортопедия жана травматология бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Өмер Селим Йылдырым баяндамачы катары катышты.

Семинарга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, Агры Ибрахим Чечен университетинин проректору, профессор Өндер Шимшек, КТМУнун ветеринария жана табигый илимдер факультеттеринин профессордук-окутуучулук курамы жана “Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борборунун кызматкерлери катышты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө профессор Өмер Селим Йылдырымга университетте ушундай маанилүү семинар өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ректор, профессор Жейлан “Манас” университетинин “Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борборунун пандемия учурундагы жана андан кийинки жетишкендиктери менен сыймыктанарын билдирди.

Профессор Өмер Селим Йылдырым өз сөзүндө “Манас” университетин абдан жактырганын жана окуу жайдын заманбап, алдыңкы билим берүү мекемеси экенин баса белгиледи.

Интерактивдүү семинарда профессор Йылдырым катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорго жооп берип, ортопедия жана травматология тармагындагы билими, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар менен аларды кызыктырган темалардын алкагында өткөн талкуудан соң  баяндамачыга ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен аяктады.

Бул пайдалуу семинар катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, илимий маалыматты бөлүшүүдө маанилүү платформа түздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C73A6g-Iexx/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C73lTu7NqT7/            

    Социалдык медиада бөлүшүү