Маданияттар аралык жолугушуу: ТТӨМЕРде окугандар менен баарлашуу


  • 2024-06-05

2024-жылдын 4-июнь күнү Бишкек ТТӨМЕРде Түркия түркчөсү сабактарын В2 деңгээлинде ийгиликтүү аяктагандар үчүн баарлашуу иш-чарасы уюштурулду.

Бишкек ТТӨМЕРдин мүдүрү Мустафа Булуттун чакыруусу менен аталган иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, кесиптик жогорку мектептин мүдүрү, Доц.М.А.Др. Махмут Вурал да катышты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан баарлашуу иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө билим берүүдө тил үйрөтүүнүн маанисине басым жасап, “Манас” университети тарабынан даярдалган Алтын Көпүрө Түркия түркчөсү жана Кыргыз түркчөсү окуу материалдарынын тармакка кошкон салымы тууралуу айтып берди. Түркия түркчөсү менен кыргыз түркчөсүнүн өнүгүшүнө маани беришерин айткан профессор Жейлан курста окугандарды  “Манас” университетинде бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларында окууга чакырды.

ТТӨМЕРдин мүдүрү Мустафа Булут өз сөзүндө колдоо көрсөткөнү үчүн ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда Түркия түркчөсүн жогорку деңгээлде үйрөтүү максатын көздөгөндөрүн айтты. Ошондой эле Бишкек ТТӨМЕРдин жетишкендиктерине көңүл бурган Мустафа Булут курста окугандардын аракеттерин жана окутуучулук курамдын зор эмгегин айтып сөзүн жыйынтыктады.

Бишкек ТТӨМЕРдин окутуучуларынын бири Ибрагим Халил Карахан  тарабынан даярдалган баарлашуу иш-чарасында курста окугандар түрк маданиятын тааныткан көркөм ырларды окуп, ыр ырдашты. Катышуучуларга Түркиянын бай маданий мурасын  жүрөктөн чагылдырышып, түрк меймандостугунун эң сонун үлгүсү болгон түрк даамдарын тартуулашты.

Шаңдуу өткөн иш-чара белектерди тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү  менен аяктады.

“Манас” университети менен Бишкек ТТӨМЕР тил жана маданият көпүрөсүн жаратуудагы кадамдар аркылуу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилени бекемдөө менен студенттерине жана коомго салым кошууну улантууда.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C73Lp0ZNBMw/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C729UTyIDeg/

    Социалдык медиада бөлүшүү