Түркиядан келген 100дөн ашык ортопед жана анестезиолог “Манас” университетинде болушту


  • 2024-06-06

2024-жылдын 5-8-июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан Түрк Дүйнөсүнүн IV ортопедия жана травматология конгрессинин алкагында Түркиядан 100дөн ашык ортопед жана анестезиолог ректор, профессор Алпаслан Жейландын чакыруусу менен “Манас” университетинде болушту.

5-июнь күнү ректораттын жыйындар залында алгач конокторго университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлүп, “Манас” университети тууралуу маалымат алышты. Ал эми Токтобүбүнү баяндаган кыска даректүү тасмада эмоцияга толгон ирмемдер орун алды.

Андан соң коноктор “Манас” университетинин кампусун кыдырып, Бешбармак чатырында атайын арналып уюштурулган концертти угуу менен жагымдуу убакыт өткөрүштү.

 “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын өз сөзүндө “Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандыктын жана достуктун алтын көпүрөсү – “Манас” университети. “Манас” университети эки өлкөнүн сыймыгы. Мында эң негизги фактор – университет катары үй-бүлө түшүнүгүнө маани бергенибиз. “Манас” университетинин ар бир мүчөсү бул чоң үй-бүлөнүн мүчөсү. 10 миң адамдан турган “Манас” университети үй-бүлөсү катары сиздерди Теңир тоонун этегинде коноктоо биз үчүн чоң сыймык жана бакыт. Биздин эшик сиздер үчүн ар дайым ачык”, -деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор “Манас” университети университеттен да артык экенине күбө болгондорун жана ар бир тармакта коомго кошкон салымын көрүп сыймыктангандарын  байма-бай айтышты. Ректор, профессор Жейланды берилгендик менен иш алып барганын куттуктап, ийгилик каалашты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C73qaMxN8so/

    Социалдык медиада бөлүшүү