2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ ТИЕШЕЛҮҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯСЫ


  • 2024-06-07

 

 

КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИ

2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ ТИЕШЕЛҮҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Академиялык

түзүмү

Бөлүмү (адистиги)

Кызмат орду

Коюлган талаптар

Саны

 

 

 

Гуманитардык факультет

 

 

 

Түркология

 

Доцент

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;

Азыркы кыргыз адабияты жана постсоветтик доордогу кыргыз тарыхый романдары боюнча илимий эмгектери болушу керек.

 

1

 

 

Доцент

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;

Азыркы түрк тилдери жана адабияттары багыты боюнча доценттик даражага ээ болуу; түрк тилдеринин түндүк-батыш тобу боюнча илимий эмгектери болушу керек.

 

 

1

 

 

Көркөм өнөр факультети

 

 

 

Көркөм сүрөт искусствосу

 

 

 

Ага окутуучу

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;

Көркөм сүрөт искусствосу багытында магистратура даражасына ээ болуу же даярдоо курсунан сырткары билим берүү мөөнөтү 5 (беш) жылды түзгөн жогорку окуу жайын бүтүрүү; университетти аяктагандан кийин адистиги боюнча 3 (үч) жылдык кесиптик тажрыйбасы болууга тийиш; фигуративизм багытында чыгармалары болушу керек; чет тилин билүү талабы коюлбайт.

 

 

 

2

 

 

 

 

Экономика жана башкаруу

факультети

 

 

Экономика

 

 

Профессор

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;

Экономикалык өнүгүү, экономиканын прикладдык багыттары жана микроэконометрика боюнча эл аралык деңгээлдеги тармактык индекстүү

журналдарда жарыяланган илимий эмгектери менен катар англис тилинде сабак

өтүү компетенциясына ээ болууга тийиш.

 

 

1

 

 

 

Менеджмент

 

 

 

Профессор

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;

Башкаруу жана уюштуруу багыты боюнча илимдин доктору (PhD) окумуштуулук даражасына жана ушул багытта доценттик даражага ээ болуу; Эмоционалдык күйүү, жумуштан канааттануу, караңгы үчилтик, жаны тынбас мээнеткечтик, ишеним, лидерлик жана уюмдун саламаттыгы жаатында илимий эмгектери

болушу керек.

 

 

 

1

 

 

Теология факультети

 

 

Теология

 

 

Ага окутуучу

Теология, Ислам таануу же Дин таануу факультеттеринин бүтүрүүчүсү; ALES же эл аралык деңгээлдеги сынактардан кеминде 60 упайга, YDS/YÖKDİL же эл аралык деңгээлдеги сынактардан кеминде 50 упайга ээ болуу; университетти аяктагандан кийин адистиги боюнча кеминде 3 (үч) жылдык кесиптик тажрыйбасы же

магистратура программасынын бүтүрүүчүсү болууга тийиш.

 

 

1

 

 

Спорт илимдери факультети

 

Дене тарбия (Машыктыруучуларды даярдоо)

 

 

 

Профессор

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;

Спорт илимдери багыты боюнча доценттик даражага ээ болуу; адам

биомеханикасы жана машыктыруу жаатында эмгектери болушу зарыл; эл аралык мекеме жана уюмдар тарабынан колдоого алынган кеминде 2 (эки) долбоордо жетекчилик кызматын аркалоо менен катар күрөш боюнча 3-категориядагы

машыктыруучулук күбөлүгү болушу керек.

 

 

 

1

 

 

Туризм факультети

 

 

Мейманкана иши

 

Доценттин милдетин аткаруучу

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;

Туризм менеджменти багыты боюнча бакалавриат жана магистратура программаларын аяктоо; Мейманкана иши боюнча сектордук тажрыйбага ээ;

Мейманканаларды башкаруу жана көзөмөлдөө үчүн автоматташтырылган системалар боюнча сабак өтүү компетенциясына ээ болуу.

 

 

1

 

Кесиптик жогорку мектеп

Экономика жана башкаруу программалары бөлүмү (Туризм адистиги)

Доценттин милдетин аткаруучу

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;

Туризм жана мейманкана иши багыты боюнча илимдин доктору (PhD)

окумуштуулук даражасы жана ишкердүүлүк жаатында илимий эмгектери болууга тийиш.

 

 

1

Арыздар жарыя чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (2024-жыдын 07-июнунан тарта 21-июнуна чейин) КТМУнун Кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурларда Кадрлар башкармалыгы жоопкерчилик тартпайт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын Кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.

Талап кылынган документтердин тизмеси:

Профессордук-окутуучулук курам үчүн: Арыз*, өмүр баян, профессор/доцент/ассистент-профессор/доктор (PhD) илимий даражасын тастыктаган дипломдор жана эквиваленттүүлүгүн тастыктаган күбөлүктөр, талапкердин жарыяланган илимий эмгектер жана басылмалар тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт, соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

Ага окутуучу үчүн: Арыз*, өмүр баян, докторантура/магистратура боюнча дипломдор жана эквиваленттүүлүгүн тастыктаган күбөлүктөр, талапкердин жарыяланган илимий эмгектер жана басылмалар тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт, соттолбогондугу тууралуу маалымкат.

Дарек: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча, Ректораттын имараты, Кадрлар башкармалыгы (102-105-кеңсе), Электрондук дарек : bilgi.personel@manas.edu.kg (арыз менен документтериңизди ушул электрондук дарекке

жөнөтсөңүз болот).

Байланыш телефондору: +996 (0312) 49 27 81-82 факс: +96 (312) 54 39 35.

Эскертме: Талапкерлердин документтери "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент, профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын" жана "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо боюнча жобосунун" ( https://manas.edu.kg/docs/ktmu-emevzuat.pdf ) негизинде каралат. Талапкердин жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт.

*Арыздын бланкын ( http://www.manas.edu.kg/docs/ktmu-ilan-basvuru-formu.doc ) дарегинен алсаңыз болот.

    Социалдык медиада бөлүшүү