“Манас” университетинде үзгүлтүксүз билим берүү борборунун шаңга толгон иш-чаралары жана жайкы мектептин жабылыш аземи


  • 2024-06-07

2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында үзгүлтүксүз билим берүү борборунун иш-чараларын тааныштыруу жана жайкы мектептин жабылыш аземи чоң шаң менен болуп өттү.

Иш-чарага Манас” университетинин проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк, үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, доцент Эркан Эфилти, көркөм өнөр факультетинин декан жардамчысы, ага окутуучу Ирфан Гүрдал, окутуучулары жана жайкы мектептин окуучуларынын үй-бүлөлөрү катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк үзгүлтүксүз билим берүү борборунун ийгиликтүү жана берилгендик менен алып барган ишине кубанычта экенин билдирип, аталган концерттик программаны уюштурууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди. Профессор Мехмет Сезаи Түрк борбордун коомго кошкон салымын баса белгилеп, келечекте ишке ашырыла турган долбоорлорго болгон толкундануусу менен бөлүштү.

Андан соң сөз алган үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, доцент Эркан Эфилти 2023-2024-окуу жылында жалпысынан 100 курс уюштурулганын жана аларга 679 катышуучу катышканын айтты. Доцент Эфилти тил үйрөтүүдөн ден соолукка, спорттон медиага, маданият жана искусстводон технология, илимге чейин бир топ тармакта курс ачкандарын айтты. Мындан тышкары, университеттин кызматкерлерине квалификацияны жогорулатуу курстары өтүлгөнүн баса белгилеп, борбордун окутуунун кеңири чөйрөсү тууралуу кеңири маалымат берди.

Жыйынтыктоо сөздөрүнөн кийин “Балдар университети”  жайкы мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган аткаруулар көрүүчүлөрдүн зор кол чабууларына ээ болду. Айрыкча кара жорго жана индия бийи менен сахнага чыккан балдар көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. Мындан тышкары, “Манас” айтып, ыр ырдаган бөбөктөр үй-бүлөлөрүнө жана конокторго эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулашты.

“Манас” университетинин кызматкерлеринин балдарынан түзүлгөн топтогу 32 окуучуга  эшигин ачкан “Балдар университети” жайкы мектебинин балдарды университеттин чөйрөсү менен тааныштырып алардын билимге болгон кызыгуусун жана ынтызарлыгын арттырды. Окуучулар ар түрдүү бөлүмдөр боюнча алган билимдери менен өз мектептеринен башка дүйнө менен таанышууда толкунданышты.

Иш-чара үзгүлтүксүз билим берүү борборунун кызматкерлерине ыраазычылык баракчаларды жана жайкы мектептин окуучуларына сертификаттарды тапшыруу менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8BwfcuNjVS/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8Bv7RdNkOW

 

    Социалдык медиада бөлүшүү