“Түрк дүйнөсү” оркестринин укмуштуудай концерти


  • 2024-06-05

2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин конгресс жана маданият борборунда көркөм өнөр факультетинин “Түрк дүйнөсү” оркестри укмуштуудай концерт берди.

Түрк дүйнөсүнүн IV Ортопедия жана травматология конгрессине катышуу үчүн Бишкекке келген дарыгерлер “Манас” университетинде “Түрк дүйнөсү” оркестринин кайталангыс концерти менен эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулады.

Көркөм өнөр факультетинин окутуучусу Эльзар Өскөнбаева “Сагынуу”, “Кыздын ыры”, “Кыздын  сыры”, “Ала-Тоо”, “Эсиңдеби”, “Күйгөн” жана башка элдик ырларды чоң чеберчилик менен аткарды.

Андан кийин Анадолунун өзгөчөлөнгөн мыкты чыгармалары менен уланган концерт музыка сүйүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштолду.

Ректор, профессор Жейлан концерттин аягында университеттин таланттуу оркестрге ээ болгонуна кубанычта экенин айтып, сыймыктанарын билдирди.

Көркөм өнөр факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин зор эмгеги түрк дүйнөсүнүн бай музыкалык мурасын кеңири аудиторияга жеткирүүдө чоң роль ойноорун айткан ректор, профессор Жейлан концертке салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8EfAimtyl_/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8CQIRTtoJ0

 

    Социалдык медиада бөлүшүү