Чет тилдер жогорку мектебинин жыл жыйынтыктоочу жыйыны


  • 2024-06-14

Үстүбүздөгү жылдын 12-13-июнь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин 2023-2024-окуу жылынын жыл жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлүп, эки күнгө созулган жыйынга чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган баштаган окутуучулук курам катышты.

Жыл жыйынтыктоочу жыйынын кириш сөз менен чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган ачып, 2023-2024-окуу жылы ийгиликтүү жыйынтыкталганын белгилеп, чет тилдер жогорку мектебинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинде тил үйрөтүү башка билим берүү мекемелеринен айырмаланарын айткан профессор Доган университеттин миссия жана концепциясына ылайык иш алып барарын баса белгилеп, сөзүн мындай деп улантты: “Биздин бул жакка келгенибиздин бирден бир себеби – тил, тарых, маданият, дин, тагдыр, булардын бардыгы боюнча орток өтмүшкө ээ болгонубуз. Биз көпүрө куруу үчүн бул жактабыз. Ошондуктан кыргыз түркчөсүн, Түркия түркчөсүн үйрөтүү жана үйрөнүү башка тилдерден айырмаланарын белгилегим келет.” Мындан тышкары, тил маданиятты чагылдырган эң маанилүү курал экенин айтып, чет тилдер жогорку мектеби катары тил үйрөтүүдөгү тарыхый өнүгүү жана өзгөрүү процесстеринен кабардар болуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жыйындын биринчи бөлүгүндө чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган тарабынан 2023-2024 окуу жылын жыйынтыктоо баяндама жасалды. Тил үйрөтүүдөгү эффективдүү ыкмалар жөнүндө сөз болуп, КТМУнун бул жааттагы алып барган иш-аракеттери, 2023-2024-окуу жылындагы жетишкендиктер менен катар айрым кемчиликтер жана аларды чечүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Ошондой эле 2024-2025 окуу жылында пландалган иш-аракеттер тууралуу маалымат берилди.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө чет тилдер жогорку мектебинин мүдүр жардамчысы, ага окутуучу Салия Вайсханова, тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Фатих Башкапан, түрк тили координаторлугунун ага окутуучусу Эбру Каракая-Нергиз жана кыргыз тили координаторлугунун ага окутуучусу Венера Туратбек кызы тарабынан студенттердин  мотивациясы боюнча иштер жана класстагы иш-чаралар, сынактар жана сынак комиссиялары, комиссиянын иштери жана документация иштери боюнча жыйынтыктоочу маалыматтар берилди.

Суроо-жооп форматында абдан жемиштүү өткөн жыйынтыктоочу жыйындын биринчи күнү  катышуучулардын активдүү катышуусу менен соңуна чыкты.

Чет тилдер жогорку мектебинин жыл жыйынтыктоочу жыйынынын экинчи күнү  экономика жана башкаруу факультетинин декан жардамчысы, КТМУ Карьераны өнүктүрүү кеңсесинин координатору, Доц.док. Мурат Эсен “Тил үйрөтүүдө алмашуу курсу системасы” темасында семинар өттү.

Доц.док. Мурат Эсен баяндамасында тил үйрөтүүдө алмашуу курсу системасына өтүүнүн негиздерин, тил үйрөтүүдөгү ролун, артыкчылыктарын, эске алынышы керек болгон жагдайлар, кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору жөнүндө деталдуу айтып берди. Доц.док. Мурат Эсен алмашуу курсу системасында алып барган иштери, тажрыйбалары менен бөлүшүп, окутуучулук курамга баалуу кеңештерин берди. Ошондой эле аталган системага өтүү процессинде башында кыйынчылыктар кездешерин, бирок система ишке киргенден кийин окутуу процессине чоң салым кошорун билдирди. Бул система студенттердин окууга болгон мотивациясын жогорулатууда да чоң роль ойнорун баса белгиледи.

Семинар суроо-жооп бөлүмү менен жыйынтыкталды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8MlQjyNJsl/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8MMdHytTnj/

    Социалдык медиада бөлүшүү