“Манас” университетинде майрамдык жолугушуу


  • 2024-06-18

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үй-бүлөсү Курман айт майрамынын кубанычын социалдык курулуштар имаратында уюштурулган майрамдык иш-чара менен белгиледи.

2024-жылдын 18-июнь күнү өткөрүлгөн “Манас” үй-бүлөсүнүн майрамдык иш-чарасына “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл баштаган профессордук-окутуучулук курам, академиялык жана административдик кызматкерлер, студенттер катышты.

Майрамдык шаңды чагылдырган жолугушуу даам тартуулоо менен башталып, теология факультетинин ислам таануу бөлүмүнүн окутуучусу Сабыр Мураталиев окуган дуба менен уланды. Андан соң теология факультетинин диндерди таануу бөлүмүнүн башчысы, профессор Кемал Полат КТМУнун эмгек жамаатын Курман айт майрамы менен куттуктады. Профессор Полат куттуктоо сөзүндө майрамдар бир туугандыктын, биримдиктин, ынтымактын, кубанычтын, бейкуттуктун күндөрү экенин белгиледи.

Университеттин кызматкерлери тарабынан айтка карата чалынган малдардын эти окуу жайдын тазалык жана багбанчылык кызматынын кызматкерлерине таратылышы менен аяктаган жолугушууда ректор, профессор Алпаслан Жейлан  уюштурууга салым кошкондордун баарына, өзгөчө ашкананын бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8WkFqWN1S2/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8WlSEbNXgW/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8WfygItXUR/

    Социалдык медиада бөлүшүү