Азербайжандын "Хазар" университети менен кызматташтык протоколуна кол коюлду


  • 2024-06-21

2024-жылдын 20-июнунда Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Азербайжандын  "Хазар" университетинин ортосунда академиялык жана илимий изилдөө тармактарында кызматташтык протоколуна кол коюлду.

"Манас" университетинин ректоратында өткөрүлгөн кол коюу аземи менен эки мекеменин ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлор, семинарлар, академиялык кызматкерлер жана студент алмашуу сыяктуу көптөгөн багытта кызматташуу пландалууда.

"Манас" университети түрдүү өлкөлөрдүн университеттери менен кызматташуу аркылуу интернационалдаштырууга карай маанилүү кадамдарды жасоону улантууда.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C8eXQILNPkb/?igsh=NnMwYzVldDR3cjJ2

    Социалдык медиада бөлүшүү