Музыка бөлүмүнүн студенттеринен унутулгус “Акыркы обон” концерти


  • 2024-06-21

2024-жылдын 20-июнунда КТМУнун көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери конгресс жана маданият борборунда “Акыркы обон” аттуу концерти менен өнөрлөрүн тартуулашты. Концертке көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, декан жардамчысы, ага окутуучу Ирфан Гүрдал, профессордук-окутуучулук курам жана бүтүрүүчүлөрдүн үй-бүлөлөрү катышты.

Концерттин ачылыш сөзүн сүйлөгөн декан, профессор Чагатай Акенгин бүтүрүүчүлөрдүн университетти эң жогорку деңгээлде таанытышат деген ишеничин билдирди. Профессор Акенгин студенттерге ийгиликтерди каалап, “Жолуңуз ачык болсун!”- деди.

Көркөм өнөр факультетинин “Түрк дүйнөсү” оркестринин коштоосунда сахнага чыгышкан бүтүрүүчүлөр аткаруулары менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Төрт жыл бою алган билим жана тажрыйбалары менен сахнада кыргыз, түрк, казак жана орус тилдеринде аткарган ырлары менен көрүүчүлөргө керемет кече тартуулашты. “Ала-Тоо”, “Туулган жерди сагынуу”, “Анашым”, “Ата Журт”, “Верни мне музыку” жана “Деңиз үстү көпүрүр” сыяктуу кайталангыс ырларды ырдаган студенттер жакындарын сыймыкка бөлөп, көрүүчүлөргө эмоцияга толгон сезимдерди тартуулашты.

Концерттин соңунда сахнадан орун алган студенттер менен оркестрдин  жыйынтыктоочу аткаруусу көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. “Акыркы обон” концерти көрүүчүлөргө унутулгус музыкалык ырахат тартуулоо менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C8ebpfjNDp4/?igsh=MTlwNng4MW1mMnQ3Yg==

    Социалдык медиада бөлүшүү