Инженердик факультетинин бүтүрүүчү студенттеринен “Бүтүрүү квалификациялык иштердин постер көргөзмөсү”


  • 2024-06-21

КТМУнун инженердик факультетинин бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчү студенттеринин дипломдук иштеринин долбоорлорунун алкагында “Бүтүрүү иштеринин кɵргɵзмɵсү” үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда инженердик жана табигый илимдер факультети имаратында болуп өттү.

Аталган иш-чара “Манас” университетинин инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева баштаган профессордук-окутуучулук курам, бакалавриат жана магистратура программасынын студенттери менен катар иш берүүчүлөрдүн катышуусунда өткөрүлдү.

Көргөзмөдө 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлɵрү тарабынан илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча жасалган презентациялар чоң кызыгуу жаратты.

Салтка айланган көргөзмө бул жылы экология инженерлиги бөлүмү тарабынан уюштурулуп, анда алты бөлүмдөн 90го жакын бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштеринин долбоорлорунун негизинде даярдалган постерлер илинди.

Көргөзмөдө компьютер инженерлиги, электроника жана электр инженерлиги, өнөр-жай инженерлиги, тамак-аш инженерлиги, химия инженерлиги, экология инженерлиги бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчү студенттери илимий иштери тууралуу кыскача баяндама жасашты.  

Инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева өз сөзүндө иш-чарага Кыргызстандагы белгилүү фирмалардан иш берүүчүлөр келгенин айтып, алардын факультет менен кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана аларды өнүктүрүү, бекемдөө боюнча практикалык сунуштар айтылды.

“Мирай” косметикалык компаниясынын башкы директору Бактыбек Асанов жана башкы технолог, инженер-химик Нобуо Ямамото да бүтүрүүчү студенттердин дипломдук иштерине кызыгып, алар менен жакындан таанышуу максатында келишкенин айтып, алдыда факультет менен бирге изилдөө жүргүзүп, кызматташуу пландары менен бөлүшүштү.

Көргөзмөдөн кийин ректораттын жыйындар залында уланган иш-чарада бүтүрүүчү студенттерге жана иш берүүчүлөргө инженердик факультети тарабынан ыраазычылык баракчалары ыйгарылды. Инженердик факультетинин бөлүм башчылары жана иш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын кесиптик жолунда ийгиликтерди каалашты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C8edmDEN3IQ/?igsh=Y2txdWhwd2Ztd3pu

    Социалдык медиада бөлүшүү