Анжиян айыл чарба жана агротехнология институтунун “Манас” университетине иш сапары


  • 2024-06-21

2024-жылдын 21-июнунда Өзбекстандын Анжиян айыл чарба жана агротехнология институтунун жетекчилери жана профессордук-окутуучулук курамы “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен ректоратта жолугушушту.

Делегациянын курамында Анжиян айыл чарба жана агротехнология институтунун проректору, профессор Санжарбек Ыскандеров, билим сапатын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы, профессор Нематжон Саматов, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы, док. Ойбек Эгамбердиев, өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн окутуучулары доцент Дилфуза Турдиева жана доцент Гүлбахор Мусаева орун алды.

Иш сапардын алкагында жолугушуу эки мекеменин ортосунда айыл чарба тармагында кызматташтыкты чыңдоо, “Манас” университетинде аткарылып жаткан иштерге байкоо жүргүзүү жана келечекте аткарыла турган биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алмашуу максатын көздөдү.

Иш сапардан кийин делегация “Манас” университетинин айыл чарба, ветеринария жана инженердик факультеттерин кыдырып, анда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер менен таанышты. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки мекеме тең биргелешкен изилдөөлөрдү жана долбоорлорду ишке ашыруу менен илимий өнүгүүгө салым кошо ала тургандыгы баса белгиленди.

Өзбекстандын Анжиян айыл чарба жана агротехнология институтунан келген делегация “Манас” университетине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар эки окуу жайдын ортосундагы мамилелерди дагы да бекемдейт деген ишеничти билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8mH_E1N8UI/

    Социалдык медиада бөлүшүү