Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи менен алдыдагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү


  • 2024-06-24

2024-жылдын 21-июнунда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапары менен келди. Алдыдагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында уюштурулган жолугушуу ректорлук макамында башталды.

Жыйын окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Догандын жетекчилигинде көркөм өнөр факультети, спорт илимдери факультети, гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмү жана кесиптик жогорку мектептин профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда болуп өттү.

Делегациянын курамын Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Уланбек Турдалиев, окуу иштери боюнча директордун орун басары Рахат Акматова, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тамара Дилдебек кызы, өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары Асел Абдырахманова, башталгыч класста окутуу бөлүмүнүн башчысы Мамат Абытов, чет тилдер бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Абдылдаева жана музыкалык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нуртилек Абдигапаров түздү.

Алгач делегациянын өкүлдөрүнө “Манас” университети менен жакындан тааныштыруу максатында окуу жайдын таанытуу тасмасы, андан соң социалдык-жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин үлгүсү болгон Токтобүбү Апсатар кызынын жашоосун таасирдүү баяндаган тасма көрсөтүлдү.  

Профессор Режаи Доган жыйындын максаты менен тааныштырып, жалпы маалымат берип ачылыш сөзүн сүйлөп, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жобосунда белгилегендей, колледжи институт кылып түзүү маселеси каралганын билдирип, күн тартибинде программаларды иштеп чыгуу маселеси бар экенин айтып, алгач бул жаатта иш алып баруу керектигине токтолду.

Музыкалык-педагогикалык колледждин директору Уланбек Турдалиев аларды “Манас” университетине чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, жыйындын колледж үчүн мааниге ээ экенин баса белгиледи. Турдалиев өз сөзүндө “Манас” университети санариптештирүү жаатында алдыңкы билим берүү мекемелердин бири экенин баса белгилеп, бул жаатта колдоо сурады.

Жыйында санариптештирүүдөн баштап бөлүмдөрдүн иш алып баруусуна багытталган окууларды, семинар-тренингдерди уюштуруу сыяктуу темалардын алкагында сүйлөшүлдү. Профессордук-окутуучулук курам эки мекеменин кыска жана узак мөөнөттүү кызматташуусу боюнча сунуштарын айтып, пикирлери менен бөлүшүштү.

Жыйын жамааттык сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8mKI2PNff8/

    Социалдык медиада бөлүшүү