2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ ТИЕШЕЛҮҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯСЫ


  • 2024-06-25
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИ
2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН  АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ
 КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ
Факультет  Бөлүм / программа Кызмат орду  Коюлган талаптар Саны
Чет тилдер жогорку мектеби Тил үйрөтүү (Түрк тили координаторлугу) ага окутуучу ЖОЖдордун түрк тили жана адабияты, түрк тили жана адабияты боюнча мугалими, түрк тили боюнча мугалими, түрк тилин окутуу, түрк тили жана адабиятын окутуу жана түркология бөлүмдөрүн аяктоо; АLES же эл аралык деңгээлде таанылган башка сынактардан кеминде 60 баллга ээ болуу; YDS/YÖKDİL же эл аралык деңгээлде таанылган башка сынактардан кеминде 50 баллга ээ болуу; Университетти аяктагандан кийин өз адистиги боюнча кеминде үч жылдык тажрыйбага же магистратура даражасына ээ болуу. 5
Арыздар жарыя чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (2024-жыдын 25-июнунан тарта 9-июлуна чейин) КТМУнун Кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурларда Кадрлар башкармалыгы жоопкерчилик тартпайт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын Кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.
Талап кылынган документтер:
Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), өздүк баракча, соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Дарек: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча, Ректораттын имараты, Кадрлар башкармалыгы (102-105-кеңсе), Электрондук дарек :  bilgi.personel@manas.edu.kg (арыз менен документтериңизди ушул электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот).
Байланыш телефондору: 00996 (312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 39 35
Эскертүү: Талапкерлердин документтери "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо боюнча жобосунун"  (https://manas.edu.kg/docs/ktmu-emevzuat.pdf) негизинде каралат. Талапкердин жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт.
*Арыздын бланкын (http://www.manas.edu.kg/docs/ktmu-ilan-basvuru-formu.doc) дарегинен алсаңыз болот.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү