“Манас” университетинде 2023-2024 окуу жылынын академиялык жалпы жыйыны болуп өттү


  • 2024-06-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2023-2024 окуу жылынын академиялык жалпы жыйыны 2024-жылдын 24-июнунда конгресс жана маданият борборунда болуп өттү.

Аземге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды жана университеттин таанытуу тасмасын көрсөтүү менен уланды.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сыймыктандырган ийгиликтерине көңүл бурду. Саясий илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев сөзүн мындай деп улантты: “Ар бир университет өзүнүн жетишкендиктери менен сыймыктанат. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өзгөчөлүгү Кыргызстандагы башка университеттерге салыштырмалуу эки мамлекеттин эң чоң  жетишкендиктерин чогулткан.”

Андан соң сөз сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан бир жыл бою үзүрлүү эмгектин натыйжасына бүгүн күбө болуунун кубанычына ортоктош болуп жатканын белгилеп, университеттин ийгиликтерине салым кошкон жалпы жамаатка ыраазычылык билдирди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин ректор, профессор Жейлан  2023-2024 окуу жылынын күз жана жаз семестрлерине баалоо жүргүзгөн презентация жасады.

“Биздин эң чоң тилегибиз - студенттердин кеңири аймакка жайылуусу. “Манас” университети катары биз студенттерге багытталган университетпиз”, - деген ректор, профессор Жейлан түрк дүйнөсүнөн келген студенттердин муктаждыктарын канааттандырууга ар дайым чоң маани бергендерин баса белгиледи. Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн 46 өлкөсүндө ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын баса белгиледи.

 “Манас” университети – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү

“Манас” университетинин илимий иш-аракеттеринин жетишкендиктери тууралуу да сөз кылган ректор, профессор Жейлан Орхун алмашуу программасы сыймык булагы экенин, долбоорго негизделген университет болуу жолунда ылдам илгерилегендерин жана интернационалдаштырууда маанилүү позицияга жеткендерин белгилеп, “Түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү – “Манас” университети”, - деди.

2023-2024 окуу жылында ишке ашырылган илимий, социалдык, маданий жана спорттук ишмердүүлүк менен жаңылануулар жана дипломатиялык ишмердүүлүккө көңүл бурган ректор, профессор Жейлан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кыргызстанда SCI басылмаларында биринчи орунда турарын сыймыктануу менен билдирди.

Азем ректор, профессор Алпаслан Жейландын баяндамасынан кийин жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8ozp3OtrIM/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8oqjl3tOHr/

    Социалдык медиада бөлүшүү