Монголиянын Кыргызстандагы элчиси ректор, профессор Жейлан менен жолугушту


  • 2024-06-28

2024-жылдын 27-июнунда Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен иш бөлмөсүндө жолугушту.

Жолугушууда университетте билим алган монголстандык студенттердин абалы менен келерки жылы билим алууну каалаган абитуриенттерди кабыл алуу шарттары квоталары боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жылуу атмосферада өткөн жолугушууда элчи Ганхуяг Содном сапаттуу жана акысыз билим берүү жагынан эл аралык бренддик баалуулукка ээ болгон “Манас” университети монгол студенттери үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, “Манас” университетинен бүтүрүүчүлөр Монголиянын жогорку деңгээлдеги кызматтарында иштеп жатышканын жана эл аралык мамилелерде маанилүү роль ойношорун айтты. Бул мүмкүнчүлүктү камсыз кылган жана ар дайым натыйжага багытталган мамиле көрсөткөн ректор, профессор Алпаслан Жейланга Монголия Республикасынын атынан ыраазычылык билдирди. Элчи Монголия парламентинин төрагасы Гомбожав Занданшатар ректор, профессор Жейланды август айында Монголияга чакырганын билдирди.

Жолугушуу үчүн элчи Ганхуяг Содномго ыраазычылык билдирген ректор, профессор Жейлан парламент төрагасы Гомбожав Занданшатардын чакыруусун кубаныч менен кабыл ала турганын айтты. Монголия-Кыргызстан жана Түркия арасындагы мамилелерге жана кызматташтыкка чын дилден мамиле жасаганы үчүн элчи Содномго да ыраазычылык билдирди. “Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары 46 өлкөдө иштеген бүтүрүүчүлөрдүн арасында монгол бүтүрүүчүлөрдүн да болгону бизди абдан кубандырат. Алар өлкөлөр жана маданияттар аралык мамилелерде биздин ыктыярдуу элчилер. Сиздердин кызыгуу жана демилгелер, биздин колдообуз менен дагы көп монгол окуучулары “Манас” университетинде билим алып, дүйнөгө чыгарына ишенем", - деди.

Жолугушуу белек берүү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8wfP0ztcZ9

    Социалдык медиада бөлүшүү