“Манаста” 20 жылдык бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу


  • 2024-07-03

2024-жылдын 2-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында “20 жылдык бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу” иш-чарасы уюштурулду. 

КТМУ Бүтүрүүчүлөр  жана мүчөлөр Ассоциациясынын төрагасы, док. Серхат Атмажанын жетекчилигинде өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, “Карьера өнүктүрүү” кеңсесинин төрагасы, доцент Мурат Эсен жана Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Россия сыяктуу өлкөлөрдөн келген 2004-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр катышты.

Док. Серхат Атмажа иш-чаранын ачылыш сөзүндө жолугушууну өткөрүүгө салым кошкон ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

Проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк өз сөзүндө “Сиздер жөн гана бир университеттин студенттери эмес, ошол эле учурда боордош эки өлкөнү бириктирүү жана интеграциялоо милдети да бар”, - деп эки өлкө үчүн “Манастын” бүтүрүүчүлөрү маанилүү экенин баса белгиледи.

КТМУнун “Карьера өнүктүрүү” кеңсесинин төрагасы, доцент Мурат Эсен: “Бул университет үй-бүлө болууга жетишкен институттук маданиятка ээ. Сиздер бул маданиятты ар дайым азыктандырууну улантып жатасыздар”, - деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө бүтүрүүчүлөр менен сыймыктанганын айтып, “Кыргыз-Түрк “Манас” университети бир гана билим берүү мекемеси эмес, ошол эле учурда алдыңкы университет. Мунун эң чоң далили - сиздер, биздин баалуу бүтүрүүчүлөр. Биринчи кадам катары биз бүтүрүүчүлөргө университеттин картасын чыгарууну пландап жатабыз. Бул карталардын жардамы менен сиз студенттик жылдардагыдай университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалансаңыздар болот. Биздин максат – чоң чынардын бутактарынан эмес, тамырында жолугуу”, - деди. Профессор Жейлан сөзүн Хажы Бекташ Велинин терең мааниге ээ “Бир бололу, ири бололу, жигердүү бололу!” - деген билдирүүсү менен жыйынтыктады.

Жолугушууда бүтүрүүчүлөр сезимдери жана пикирлери менен бөлүшүштү. 20 жыл мурун бүтүргөндөр университеттин аябай өзгөргөнүн жана өнүккөнүн айтышты. Мындан тышкары, “Манас” университети алар үчүн ыйык уя экенин, кыялдарын ишке ашырууга жардам берип, эне тилин үйрөнүүсүнө чоң роль ойногонун белгилеп, университет менен сыймыктанышарын билдиришти.

Музыканын коштоосунда жагымдуу атмосферада өткөн жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

Бул маңыздуу иш-чарада бүтүрүүчүлөр өткөн күндөрдү эстеп, “Манас” университети үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү болуу сыймыгын дагы бир жолу сезишти.

    Социалдык медиада бөлүшүү