“Манас” университетинин кирүү сынактары боюнча маалымат жыйыны болуп өттү


  • 2024-07-05

“Манас” университетинин Студенттерди баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан 2024-жылдын 5-июль күнү КТМУнун конгресс жана маданият борборунда кирүү сынактарын алуу боюнча жооптуу академиялык жана административдик кызматкерлер үчүн маалымат жыйынын уюштурулду.

Жыйында Студенттерди баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун төрагасы, профессор Эржан Челик 2024-жылдын 7-июль күнү эки отурумда өтө турган “Манас” университетинин кирүү сынактары тууралуу деталдуу маалымат берди.

Профессор Эржан Челик сынакка катыша турган 7371 абитуриент “Манас” университетине кирүү үчүн ат салыша турганын белгилеп, сынактын жүрүшү, отурумдар арасындагы процесстер жана сынактын коопсуздугу тууралуу кеңири маалымат берди.

Жыйын суроо-жооп бөлүгүнөн кийин соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9CoR9Mt05P/

    Социалдык медиада бөлүшүү