Проректор, профессор Карымшаков “Билим уясы – Манас” уктуруусунда конокто


  • 2024-07-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, профессор Камалбек Карымшаков 2024-жылдын 5-июлунда “Манас” радиосунун “Билим уясы – Манас” уктуруусунун жыйынтыктоочу чыгарылышына конок болду.

Маектин жүрүшүндө проректор, профессор Карымшаков “Манас” университетинин 2023-2024-окуу жылындагы жетишкендиктери, жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер, эл аралык деңгээлдеги имиджи жана 2024-2025-окуу жылы үчүн кирүү сынактарына карата даярдыктар туурасында маалымат берди.

Эске салсак, аталган уктуруу КТМУнун факультеттери менен бөлүмдөрүн таанытуу максатында үстүбүздөгү жылдын 13-майынан тарта эфирге чыгып, атайын дайындалган адистер абитуриенттер жана алардын ата-энелерине “Манас” университети тууралуу кенен маалымат беришти.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9EvsDRNvpQ/

    Социалдык медиада бөлүшүү