“Манас” университети Алкыш баракчасы менен сыйланды


  • 2024-07-12

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата 2024-жылдын 11-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана ректордун кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Серхат Бурмаоглу Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымы жана инвестицияларды тарткандыгы үчүн Алкыш баракчасы менен сыйланды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүү жана илимий изилдөө иштери менен өлкөнүн экономикалык өнүгүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы “Алтын көпүрө” миссиясын ийгиликтүү улантууда. “Манас” университети эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо менен академиялык жана экономикалык тармактарга чоң салым кошууда.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9em_Rhti8L/

    Социалдык медиада бөлүшүү