2024-жылдын 12-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратынын жыйындар залында “15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнү” эскерүү иш-чарасы уюштурулду.
Ректораттын фойесинде “Улуттун жеңиши” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталган эскерүү иш-чарасы жыйындар залында улантылды.
Иш-чарага Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шандор Дороги, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Акаев жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, түрк уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, “Манас” университетинин академиялык жана административдик курамы менен ЖМК өкүлдөрү катышты.
Эскерүү иш-чарасы 15-июлдагы шейит кеткендерди бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылды. Андан соң 15-июлда болуп өткөндөрдү баяндаган, Түркия Республикасынын коммуникация башкармалыгы жана ТРТ тарабынан даярдалган эки кыска тасма көрсөтүлдү.
“15-июль шейиттери түбөлүк баатырлар”
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев иш-чаранын ачылыш сөзүндө 15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнү бир гана Түркия Республикасы жана түрк эли үчүн эмес, демократия принциптери менен жашаган, эркиндикти сүйгөн бардык элдер үчүн өтө маанилүү күн деп эсептерин белгиледи.
Саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев түрк эли демократия жана эркиндик жолунда өмүрлөрүн бергенин жана ушул жолдо күрөш жүргүзүүнү уланта турганын баса белгиледи. “Шейит кеткендер бүгүнкү күндө Түркия мамлекети тынчтыкта жана бейпилдикте жашасын деп өзүнүн өмүрлөрүн берди. Биз үчүн алар баатыр болуп кала берет. Түркия мамлекети мындай азаптуу күндөрдү башынан өткөрбөсүн деп тилейбиз”, -деди.
Миң жылдан бери кресттик менталитетке баш ийбеген түрк улуту
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө буларга токтолду: “2016-жылдын 15-июлундагы көтөрүлүштөн бери 8 жыл өттү, бирок бул аралыкта мамлекетибизге жана улутубузга эң чоң коркунучтардын бири болгон ФЕТО террордук уюму менен күрөшүбүз дагы эле уланууда”, - деди. “Улуу түрк улуту миң жылдан ашык күрөшүп, баш ийбеген кресттик ой-жүгүртүү бул жолу башка кызматчылары менен түрк улутуна кол салды.
Профессор Алпаслан Жейлан 15-июлдагы төңкөрүштүн ошол эле учурда глобалдык күчтөрдүн басып алуу аракети болгонун айтты. ФЕТО террордук уюмунун түрктөрдүн жана Түркиянын душмандары менен биримдикте экенин баса белгиледи.
“Көргөн көз, уккан кулак, ойлонгон акыл ээлери үчүн баары айдан ачык”
15-июлда Түркиянын башынан өткөн төңкөрүш тууралуу кыскача баяндаган ректор, профессор Жейлан беткапсыз көз боемочулар өздөрүнүн караңгы пландарын жана долбоорлорун ишке ашырууга аракет кылып жатканда эске алынбаган улуттук жана руханий түшүнүктөргө көңүл бурду: “Анткени алар түрк улутунун кыйынчылык учурунда муктаж болгон күчтү тамырындагы кандан аларын унутушту. Анткени алар түрк улуту танктардын алдында тикесинен тик турат деп ойлошкон эмес. Анткени алар түрк улутунун ийилбей турганын, шейиттикке ишенген миллиондогон балдары бар экенин унутушту. Анткени алар Күршаддын 40 киши менен эрдигин билишкен эмес, анткени алар Манасты таанышкан эмес. Анткени Раббибиздин: “Көбүк атылып кетет; ал эми адамдарга пайда алып келе турган нерсе дүйнө турганча турат.” –деп буйругандай, алардын жалган жашоосу, күрөшү көбүк сыяктуу. Элдин адилеттүүлүгү түбөлүктүү”, - деди.
Улуттук биримдик даңазаланган күн: 15-июль
Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө 2016-жылдын 15-июль күнүнүн түрк улуту үчүн мааниси тууралуу буларга токтолду: “15-июль - биздин мамлекетибизге жана улутубузга каршы жасалган эң караңгы операцияларга каршы турган күн. ФЕТО аттуу террордук уюм бул төңкөрүш аракети менен республикабызды жана демократияны жок кылгысы келген. Эгемендүүлүгүбүздү, көз карандысыздыгыбызды, эркиндигибизди бомба менен жок кылабыз деп ойлошкон. Алар биздин мамлекетти басып алууга аракет кылышкан. Бул караңгы сценарий кыйрап, тарыхтын таштандысына ыргытылды.”
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын билдирүүсү менен “15-июль – улуттук эрк камкорчулукка, эрдик чыккынчылыкка, улут чыккынчыларга үстөмдүк кылган демократия үчүн адамзат тарыхына алтын тамгалар менен жазылган улуу күрөштүн аты. Бул күрөштүн жана жеңиштин ээси бардык 81 миллион элге таандык. 15-июль - бүткүл Түркиянын жана улутубуздун бардык мүчөлөрүнүн жеңиши”, - деди.
“Бир мекен, бир туу, бир мамлекет жана бир улут”
Профессор Жейлан түрк улутунун душманга каршы толук улуттук биримдикти жана улуттук эркти көрсөткөнүн белгиледи. Өлкөнүн намысын, демократиянын намысын, туунун эркиндигин, мамлекеттин, улуттун бар болуусу жана сакталышы үчүн шейит кеткен жарандарга карата сөзүн мындай деп улантты: “Капкараңгы түндөрдүн биринде капкараңгы долбоорго каршы тикесинен тик туруп, адал сүт эмген өлкөнүн балдары террористтердин төңкөрүшүнө “Токто!”- дешти. Жек көрүү менен, учак, танка, мылтык менен кол салган, улуттук парламентин бомбалаган, сүйүктүү элибиздин башын жабууга аракет кылган террористтерге караңгылыкты талкалап, тикесинен тик турушту. Анткени биз “Алланын жолунда өлтүрүлгөндөрдү “өлгөндөр” дебегиле!” - дегенге ишенебиз. Жок, алар тирүү. Бирок сиздер аны сезе албайсыздар.” Аятта айтылгандай, шейиттер өлгөн жок, алар бизге ыйык бир маанини жана ишти тапшырып, шейит кетишти”, - деди.
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакырыгы менен түрк улутунун мекенге жана тууга болгон сүйүүсү менен көчөгө чыгып, чыккынчылык төңкөрүш аракетин алдын алганын баса белгилеген профессор Жейлан: “Ошол түнү улутубуз биримдикте мекенибизди коргоп, өлкөбүзгө карата ойнолгон оюндарга жол бербеди. Президенттин лидерлигинин айланасына биригип, бир мекен, бир туу, бир мамлекет жана бир улут деген принципке берилгендигин дагы бир жолу көрсөттү”, - деди.
Профессор Жейлан сөзүн гимндин автору Мехмет Акиф Эрсойдун саптары менен аяктады: “Vurulup tertemiz alnından, uzanmış yatıyor/Bir hilâl uğruna, ya Rab, ne güneşler batıyor!”
15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата айтылган сөздөр улуттун ынтымак жана биримдиктеги эпикалык күрөшүн дагы бир жолу эске салып, ошону менен бирге келечек муундарга да маанилүү билдирүү жеткирди.
Илимий жыйын: “15-июлду түшүнүү”
Ачылыш сөздөрүнөн кийин “15-июлду түшүнүү” аттуу илимий жыйын өткөрүлдү.
Илимий жыйын проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрктүн жетекчилигинде өтүп, өз сөзүндө 15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнүнүн маанисине жана маанилүүлүгүнө көңүл буруп, террордук уюмдун тили, дини жана расасы жок экенин белгиледи.
Илимий жыйында; профессор Кемал Полат “Динди кыянаттык менен пайдалануу жана Фето”, профессор Гөкхан Өзер “15-июлдун экономикага тийгизген таасирлери”, Доц.док. Угур Үнал “ФЕТО менен күрөшүүдө коммуникация стратегиясынын мааниси” аттуу баяндамаларды жасашты.
Программа катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу жана эстеликке жамааттык сүрөткө түшүү менен аяктады.
Эскерүү иш-чаралары 2024-жылдын 12-июлунда Абдулкерим Сатук Бугра Хан мечитинде 15-июль шейиттери үчүн куран окуу менен соңуна чыкты.
Manas TV'nin Yayını:
https://youtu.be/IoSQRUBOhvE?si=71fPjx-Qr_QW9I5_
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9WX-jnNP8_/?hl=en
https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9WYy6St8A4/?hl=en
Instagram: