Көркөм өнөр жана спорт илимдери факультеттеринин адистик сынактары өтүүдө


  • 2024-07-16

2024-жылдын 16-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр жана спорт илимдери факультеттеринин адистик сынактары башталды.

Тийиштүү факультеттердин имараттарында эки күн бою өтө турган адистик сынактарда  абитуриенттер “Манас” университетинин студенти болууга күч сынашат.

Көркөм өнөр факультетинин музыка, графика, живопись жана театралдык искусство бөлүмдөрүндө окууну каалагандар өзгөчө жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактарына катышып, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, таланттарын тартуулашат. Ал эми спорт илимдери факультетинин машыктыруучуларды даярдоо, дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмдөрүн тандаган абитуриенттер спорттук жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактарына катышышууда.

Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыктары 17-июль күнү жарыяланып, даярдоо программаларына жайгаштыруу жана каттоо 18-19-июль күндөрү жүргүзүлөт. 

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9go93UNsdY/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C9eptQ_N5ym/

    Социалдык медиада бөлүшүү