Түрк тилдүү мамлекеттердин жана тектеш коомчулуктардын жараны болгон абитуриенттер үчүн сынак өткөрүлдү


  • 2024-07-25

2024-жылдын 23-25-июль күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде чет өлкөлүк абитуриенттер: Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынан башка чет өлкөлөрдүн, өзгөчө түрк тилдүү мамлекеттердин жана тектеш коомчулуктардын жарандары үчүн сынак өткөрүлдү. Жазуу түрүндөгү жана оозеки сынакта абитуриенттер “Манас” университетинин студенти болууга күч сынашты.

Абитуриенттер өз өлкөсүндө өткөрүлгөн жогорку окуу жайына тапшыруу сынагынын жыйынтыгынын (ЭГЕ/ЕНТ/ЖРТ) негизинде тапшырышса, ал эми жогорку окуу жайына кирүү сынагы болбогон өлкөлөрдөн келген абитуриенттер КТМУ тарабынан өткөрүлгөн сынакка киришти.

КТМУнун тышкы байланыштар бюросунун маалыматына ылайык, бул жылы “Манас” университетине тапшыргандардын көпчүлүгүн Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан, Түркменистан, Азербайжан, Монголия жана Россия Федерациясынан келген абитуриенттер түздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C910f6htZ1-/?igsh=MXpiMDVpZnN0d2Jw

    Социалдык медиада бөлүшүү