Профессор Түркчапар “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун эң мыктысы” төш белгиси менен сыйланды


  • 2024-07-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин декан жардамчысы, машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы, профессор Үнал Түркчапар Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортун өнүктүрүүгө, жогорку квалификациядагы адистерди даярдоого кошкон салымы, үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун эң мыктысы” деген сыйлыгы жана атайын төш белгиси менен сыйланды.

“Манас” университети катары профессор Үнал Түркчапарды куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C919scatDly/?igsh=MWRheTg4azRxOGR0eA==

    Социалдык медиада бөлүшүү