2024-2025-окуу жылы жогорку курс студенттеринин жатаканага каттоо жыйынтыгы


  • 2024-07-30

2024-2025 окуу жылы жогорку курс студенттеринин жатакана боюнча төмөнкү маселелерге көңүл бурушу керек.

  • Жогорку курс студенттеринин жатаканаларга катталуу мөөнөтүндө (2024-жылдын 24-майынан 17-июнуна чейин онлайн кайрылуулары) кайрылбаган студенттер жатаканага жайгашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып, каттала алышпайт.
  • Арыз берген жана негизги тизмеде орун алган жогорку курс студенттеринин жатаканага каттоо иш-чаралары 2024-жылдын 26-августтан 20- сентябрга чейин жүргүзүлөт.
  • Белгиленген убакыт арасында келе албаган студенттер Ишеним каттын (доверенность) негизинде ишенген адамы аркылуу каттоодон өтө алышат.
  • Жатаканаларга катталууну каалаган ар бир студенттен төмөнкү документтер талап кылынат. Бул документтердин арасында,

Эскертүү: Өзгөчө шарттарга байланыштуу студенттерден ашыкча документ талап кылынышы мүмкүн!

 

СТУДЕНТТЕРДЕН ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:

1. Студенттик маалымкат (OBİS аркылуу кагаз түрүндө чыгарып алышыңыздар керек.)

2. Медициналык маалымкат (Флюорография жыйынтыгын, КТМУ Ден-соолук борборуна алып барып кол койдурушуңуздар керек. Чет өлкөдөн келген студенттерден СПИД анализинин жыйынтыгы талап кылынат. Чет өлкөдөн келген студенттердин аталган маалымкаттарды өз өлкөсүнөн алып келүүсү алардын кызыкчылыгында).

3. Депозит (2500 сом) жана турак акысы университеттин банк эсебине которулгандыгы тууралуу банк квитанциясы.

4. 2 фотосүрөт (3 см x 4 см өлчөмүндө)

5. ID паспортунун көчүрмөсү

6. 2 файл

7. Tunduk мамлекеттик системасы аркылуу жашаган жеринен маалымкат кагаз түрүндө талап кылынат

8. Бардык студенттер кайрылууда көрсөтүшкөн болсо:

• 22 Жаштан  кичүү 5 же андан көп бир тууганыңыз болсо аны тастыктоочу маалымкат Tunduk мамлекеттик системасы аркылуу кагаз түрүндө талап кылынат.

• Ата-энелеринин жарандык абалы жөнүндө документтер (нике, ажырашуу, өлүм)

• Жогорку окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаты

• Майыптыгы боюнча документтерин каттоо учурунда алып келиши керек.

ЖАТАКАНА АКЫСЫ: (Белгиленген турак акысы 1 жылдык мөөнөт үчүн көрсөтүлгөн)

 

А БЛОК

Б БЛОК

С БЛОК

ДАЯРДОО КУРСУНУН  СТУДЕНТТЕРИ

14.250 СОМ

11.400 СОМ

11.400 СОМ

ЖОГОРКУ  КУРС СТУДЕНТТЕРИ

14.250 СОМ

11.400 СОМ

11.400 СОМ

МАМЛЕКЕТТИК СЫНАККА КИРЕ ТУРГАН ЖОГОРКУ КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ

15.000 СОМ

12.000 СОМ

12.000 СОМ

САБАКТАРЫ  МАЙ АЙЫНДА  АЯКТООЧУ ЖОГОРКУ  КУРС СТУДЕНТТЕРИ (КОТОРМОЧУЛУК, ТУРИЗМ Ж.Б.)

12.750 СОМ

10.200 СОМ

10.200 СОМ

АКЫРКЫ КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИ

15.000 СОМ

12.000 СОМ

12.000 СОМ

    Социалдык медиада бөлүшүү