Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагы тууралуу кулактандыруу


  • 2024-08-12

2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН КҮЗГҮ СЕМЕСТРИНДЕ

ТИЛДЕН БОШОТУУ, ЖЕТИШТҮҮЛҮК ЖАНА ТИЛ БИЛҮҮ ДЕӉГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ

Сынактарга катталуу 2024-жылдын 12-август күнү башталат.

Сынактарга катыша турган студенттер эң кеч 2024-жылдын 29-август күнү каттоодон өтүүлөрү керек.

2024-2025-окуу жылындагы Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү программасынын академиялык календарына ылайык 2024-жылдын 04 – 06-сентябрь күндөрү өткөрүлө турган күзгү семестрдин Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарына (кыргыз тили, түрк тили, англис тили, орус тили жана/же кытай тили) катталуу шарттары, аталган сынактардын баалоо критерийлери, өткөрүлө турган күнү жана сааттары төмөндөгүдөй.

 

СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Аталган сынактарга төмөндөгү шарттарга жооп берген студенттер каттала алат:

 

Кыргыз тилинен бошотуу жана жетиштүүлүк сынагына:

Тилден бошотуу сынагына;

Жетиштүүлүк сынагына;

  • 2024-2025-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө котормо программаларында билим алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

 

Түрк тилинен бошотуу сынагына:

Эскертүү: Кыргыз тили боюнча жетиштүүлүк сынагына катыша турган студенттер да каттоодон өтүшү керек.

 

Англис тилинен бошотуу жана тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагына:

  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо бөлүмүнүн англис тилин милдеттүү түрдө окуй турган Финансы жана кредит бөлүмү, Эл аралык мамилелер бөлүмү, Экономика бөлүмү, Менеджмент бөлүмү, Филология бөлүмүнүн Англис тили жана адабияты программасы жана Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-англисче котормо программасынын студенттери;
  • 2023-2024-окуу жылынын даярдоо курсунда англис тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2022-2023-окуу жылынын даярдоо курсунда англис тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер.

 

Орус тилинен бошотуу жана жетиштүүлүк сынагына:

Тилден бошотуу сынагына

Жетиштүүлүк сынагына;

  • 2024-2025-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө котормо программаларында билим алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

 

Кытай тилинен бошотуу сынагына;

  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо бөлүмүнүн кытай тилин милдеттүү түрдө окуй турган Филология бөлүмүнүн Кытай тили жана адабияты программасынын студенттери;
  • 2023-2024-окуу жылынын даярдоо курсунда кытай тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2022-2023-окуу жылынын даярдоо курсунда кытай тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер.

Эскертүү: Орус жана кыргыз тилдеринен жетиштүүлүк сынактарына катыша турган студенттер да каттоодон өтүшү керек.

 

Жогоруда белгиленген сынактарга катыша турган студенттерибиз 2024-жылдын 29-август күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 23:59га чейин https://admission.manas.edu.kg/ydyo/ дареги боюнча катталуу менен бирге каттоо баракчасында талап кылынган маалыматты толук жазуусу керек. Сынакка катталган студенттер, каттоонун аягында бериле турган сынак баракчасын сынак күнү өздүгүн тастыктоочу документ (студенттик билети же паспорту) менен кошо алып келүүсү керек. Студенттик билети (же паспорту) жана сынак баракчасы жок студенттер сынакка катыштырылбайт.

Эскертүү: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тил үйрөтүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын 10-беренесинин (б) пунктуна ылайык жүйөөлүү себептерден улам тилден бошотуу сынагына катыша албай калган студенттер үчүн кошумча сынак өткөрүлбөйт.

 

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН ЖЕРИ:

Чет тилдер жогорку мектеби, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин башкы имараты, Ч. Айтматов проспектиси №56, Бишкек шаары.

 

СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА СААТТАРЫ

СЫНАКТЫН ТИЛИ

КҮНҮ

УБАКТЫСЫ

1.

Түрк тили

05/09/2024

10.00

2.

Кыргыз тили

06/09/2024

10.00

3.

Англис тили

04/09/2024

10.00

4.

Орус тили

04/09/2024

10.00

5.

Кытай тили

04/09/2024

10.00

 

СЫНАКТЫН БААЛООСУ

Даярдоо курсундагы тилден бошотуу сынактарынын (кыргыз тили, түрк тили, англис тили, орус тили жана кытай тили) баалоо критерийлери төмөнкүдөй:

ТИЛДЕР

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ДИЛБАЯН

ООЗЕКИ

1.

Түрк тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

2.

Кыргыз тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

3.

Англис тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

4.

Орус тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

5.

Кытай тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

 

КӨҢҮЛ БУРУЛА ТУРГАН ЭРЕЖЕЛЕР

  1. Сынак башталардан мурун сынак алуучу документ (студенттик билет же паспорт) текшерет. Студенттик билети (же паспорту) жок студенттер сынакка катыштырылбайт.
  2. Сынак алуучу тарабынан зарыл болгон текшерүү иши аткарылуусу үчүн сынактан эң аз 20 мүнөт мурун тиешелүү сынак жайында болуу зарыл.
  3. Студенттер сынак алуучу айткан эрежелерге баш ийүүсү керек.
  4. Сынакта бир гана калем колдонулат.
    Социалдык медиада бөлүшүү