Студенттик жатакана мүдүрлүгүнөн жарыя


  • 2024-08-23

2024-2025-окуу жылы үчүн Кыргыз-Түрк Манас Университетине жаңы тапшырган студенттерин жатаканага жайгаштыруунун жыйынтыгы

Негизги тизмеде орун алган студенттердин жатаканага жайгашуусу

  1. 4-жылдын 26- августьунан баштап 13- сентябрына чейин жүргүзулөт.

Белгиленген убакыт арасында себепбтүү келе албаган студенттер ишенген адамынын атына нотариустан алынган  ишеним кат (доверенность) аркылуу каттоодон өтө алышат. Кезек тизмесине алынган студенттердин каттоосу 16.09.2024 башталат.

 

СТУДЕНТТЕРДЕН ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:

1.         Студенттик маалымкат (OBİS аркылуу кагаз түрүндө чыгарып алышыңыздар керек.)

2.         Медициналык маалымкат (Флюорография жыйынтыгын, КТМУ Ден-соолук борборуна алып барып кол койдурушуңуздар керек. Чет өлкөдөн келген студенттерден СПИД анализинин жыйынтыгы талап кылынат. Чет өлкөдөн келген студенттердин аталган маалымкаттарды өз өлкөсүнөн алып келүүсү алардын кызыкчылыгында).

3.         Депозит (2500 сом) жана турак акысы университеттин банк эсебине которулгандыгы тууралуу банк квитанциясы.

4.         2 фотосүрөт (3 см x 4 см өлчөмүндө)

5.         ID паспортунун көчүрмөсү

6.         2 файл

7. Tunduk мамлекеттик системасы аркылуу жашаган жеринен маалымкат кагаз түрүндө талап кылынат

8.    Бардык студенттер кайрылууда көрсөтүшкөн болсо:

•          22 Жаштан  кичүү 5 же андан көп бир тууганыңыз болсо аны тастыктоочу маалымкат Tunduk мамлекеттик системасы аркылуу кагаз түрүндө талап кылынат.

•          Ата-энелеринин жарандык абалы жөнүндө документтер (нике, ажырашуу, өлүм)

•          Жогорку окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаты

•          Майыптыгы боюнча документтерин каттоо учурунда алып келиши керек.

  • : Өзгөчө шарттарга байланыштуу студенттерден кошумча документ талап кылынышы мүмкүн!

ТУРАК АКЫСЫ: (Белгиленген турак акысы 1 жылдык мөөнөт үчүн көрсөтүлгөн)

 

“B” БЛОК

“C” БЛОК

ДАЯРДОО КУРСУНДАГЫ СТУДЕНТТЕР

11.400 СОМ

11.400 СОМ

 

Кыздар негизги тизме 2024 - 2025

Кыздар кезектеги тизме 2024 - 2025

Эркектер негизги тизме 2024 -2025

Эркектер кезектеги тизме 2024 -2025

    Социалдык медиада бөлүшүү