Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор И. Чапак Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев менен жолугушту


  • 2024-08-28

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор Ибрахим Чапак Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев менен жолугушту.

Жолугушууда элчи Руслан Казакбаев, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган боордош мамлекет Түркиянын Кыргызстан үчүн мааниси чоң экенин баса белгилеп, эки өлкөнүн биргелешкен жогорку окуу жайына өзгөчө маани берилерин билдирди.

Руслан Казакбаев өз кезегинде профессор Ибрахим Чапакка жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, ар бир тармактын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан “Манас” университети менен кызматташууга жана окуу жайдын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экендигин баса белгиледи.

Кыргызстанда кызмат кылуу өзгөчө сыймык экендигин белгилеген профессор Ибрахим Чапак,  Кыргызстанга болгон сапарынын алдында,  атайын элчи  менен жолугушуп, Руслан Казакбаевдин тажрыйбасынан пайдаланууну максат кылганын кошумчалады.

“Манас” университетинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдеген маанилүү долбоор экенин баса белгилеген профессор Ибрахим Чапак университетти эл аралык деңгээлге көтөрүүгө, жогорку окуу жайларында дүйнөлүк брендге айлантууга, түрк дүйнөсүнүн жаштарын бир түндүк астында бириктирип, кесипкөй адистерди  даярдоо үчүн талыкпай эмгектенүүгө ар дайым даяр экендигин айтты. Дүйнөдөгү катаал атаандаштыкта, түрк дүйнөсүнүн биримдигин дагы да чыңдоого салым кошуу үчүн биргелешип, жан дили менен иштей тургандыгына сөз берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан башка түрдүү тармактардагы кызматташуулар да талкууланды.

 

“Манас” телеканалы

    Социалдык медиада бөлүшүү