30-август - Жеңиш майрамынын 102 жылдыгы


  • 2024-08-30

30-август - Жеңиш майрамына карата Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан Бишкек шаарындагы Ататүрк сейил багында гүлчамбар коюу аземи болуп өттү.

Эскерүү иш-чарасына Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана ага караштуу мекемелердин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы катчысы, профессор Октай Өзгүл, КТМУнун академиялык жана административдик кызматкерлери, Билим берүү кеңешине караштуу мекемелердин окутуучулары, окуучулары, түрк уюмдарынын жетекчилери жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.

Элчиликтин жана башка түрк уюмдарынын Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи менен башталган иш-чара Ататүрктү, анын аскердик жолдошторун жана шейит кеткендерди бир мүнөттүк эскерүү жана Түркиянын улуттук гимнин аткаруу менен улантылды.

Иш-чарада Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Аскер аттешеси Албай Толга Такымжы өз сөзүндө күндүн маанилүүлүгүнө жана маанисине көңүл буруп, буларга токтолду: “30-август жеңиши түрк армиясына Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белек болду. Дүйнөнүн эң күчтүү, активдүү жана кадыр-барктуу армияларынын катарында орун алган эркиндик, эгемендүүлүк менен мүнөздөлгөн Түрк куралдуу күчтөрү  дүйнөнүн бир нече аймагында боордош жана дос өлкөлөрдүн тынчтыгына жана коопсуздугуна көрсөткөн колдоосу менен чыр-чатактар согушка айланып, коркунучтар тобокелчиликтер артып, глобалдык коопсуздук архитектурасында кыйроолор болуп жаткан бул процессте бүткүл дүйнөлүк тынчтыктын негизги таянычтарынын бири болуп саналат.”

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү, экинчи катчы Хердем Юдум Кутлу өз сөзүндө мындан 102 жыл мурун түрк калкы Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилигинде тарыхтын нугун өзгөртүп, көз карандысыздыгын жана келечегин бардык шартта жан аябастан коргой аларын бүт дүйнөгө көрсөткөнүн белгиледи.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C_SuKtvN4Ww/?hl=e

    Социалдык медиада бөлүшүү