Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Чапак “Манастык” студенттер менен жолугушту


  • 2024-09-03

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак студенттик өкүлдөр менен жолугушту.

Студенттик кеңеш башкармалыгы, студенттик клубдардын төрагалары жана өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушкан профессор Ибрахим Чапак аларды кунт коюп угуп, кеңештерин да берди.

Өлкөлөрдүн келечеги катары эсептелген жаштарга чоң маани беришерин айткан профессор Ибрахим Чапак студенттерге билим алуу учурунда университеттин берген мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, өзгөчө жасалма интеллект, климаттын өзгөрүшү сыяктуу дүйнөнүн күн тартибиндеги тармактарда да өздөрүн жогорку деңгээлде өнүктүрүү менен окуу жайды бүтүрүү боюнча кеңештерин берди. Камкорчулар кеңешинин төрагасы студенттерге кайрылып: “Кайсы жерлерде болсоңор да, “Манастан” алган билим менен үлгү болуп, чөйрөңөрдү жарык кылууга аракет кыласыңар”, - деди.

“Манастын” студенти болуу менен сыймыктанышарын билдирип, буга кошумчалай жатакананын сыйымдуулугун арттыруу, өзгөчө түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда студент алмашуу программаларын көбөйтүү сыяктуу каалоолорун айткан студенттерге  Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак университетти алардын да колдоосу менен дагы алдыга жылдырарын, ал эми талаптарды убагында мүмкүнчүлүктөрдүн болушунча аткара тургандыктарын айтты.

 

Haberin Fotoğrafları:

 https://www.instagram.com/manasuniv/p/C_dO68EthVm/

Manas TV'nin Haberi: 

https://youtu.be/7P_tkEHwJKY?si=fdJA3JR2bRiLTly

    Социалдык медиада бөлүшүү