Академиялык түзүмдөр менен таанышуу


  • 2024-09-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак теология жана ветеринария факультеттери менен кесиптик жогорку мектепте болуп, аталган түзүмдөр тууралуу маалымат алды.

Академиялык түзүмдөрдүн окуу кабинеттерин, лабораторияларын, окуу залдарын карап чыккан профессор Ибрахим Чапак студенттер менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин жана муктаждыктарын укту.

Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак академиялык түзүмдөрдүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн айтылган муктаждыктарга байланыштуу иш-аракеттер жүргүзүлөрүн жана университетте үзгүлтүксүз прогресс камсыздала турганын билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C_hjl43tn29/

    Социалдык медиада бөлүшүү