RSC 005 КОДУНДАГЫ ОРУС ТИЛИ САБАГЫНАН БОШОТУУ СЫНАГЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ


  • 2024-09-16

Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү 2024-жылдын 26-сентябрь күнү, Кыргызстан убактысы боюнча 17.00

2024-2025-окуу жылынын Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2024-жылдын 29-сентябрында өткөрүлө турган күзгү семестрдеги RSC 005 кодундагы орус тили сабагынан бошотуу сынагына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.

1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН КҮНҮ

СЫНАКТЫН КОДУ жана АТЫ

УБАКТЫСЫ

2024-жылдын 29-сентябры

RSC 005 кодундагы “Орус тили” сабагы

12.00 – 13.00

 

2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

RSC 005 кодундагы орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттеринен башка (Кесиптик жогорку мектептин бөлүмдөрүнө катталган Даярдоо курсунун студенттери), милдеттүү түрдө орус тилин окуусу керек болгон Кыргызстандын жарандары, тагыраак айтканда даярдоо курсунун жана ошондой эле бакалавр программасынын студенттери катыша алат.

 

3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ

RSC 005 кодундагы орус тили сабагынан бошотуу сынактары онлайн форматта, E-ders платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ

Өткөрүлө турган сынакка катышууну каалаган студенттерибиз 2024-жылдын 26-сентябрь, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта) университет тарабынан берилген электрондук (manas.edu.kg аталышындагы) почтадан svetlana.parmanasova@manas.edu.kg электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.

ЭСКЕРТҮҮ:Тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.

RSC 005 DİLEKÇE ÖRNEĞİ

    Социалдык медиада бөлүшүү