КТМУнун Коопсуздук жана коргоо кызматынын кызматкери Чымкенттеги марафондо биринчиликти багындырды


  • 2024-09-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коопсуздук жана коргоо кызматынын кызматкери Жылдызбек Мамытов Казакстандын Чымкент шаарында өткөн “Shymkent Marathon-2024” аттуу массалык чуркоо жарышка катышып, байгелүү орунга ээ болду. Үстүбүздѳгү жылдын 15-сентябрында өткөн аталган марафондо Борбор Азиянын 60 шаарынан 5000ге чукул жөө күлүк чуркаган.

Иш-чарада 5, 10, 21 жана 42 чакырымдык дистанция коюлуп, анда 5 чакырымга чуркагандардын арасында Жылдызбек Мамытов биринчи келген. Ал байгелүү орунга жетүү үчүн 16 мүнөт 48 секундада марага келген.

Жылдызбек Мамытовду чын жүрөктөн куттуктайбыз жана ага мындан аркы спортто да, кесиптик ишмердигинде да ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DAAdGk5t30i/?igsh=MXhyenNhbHplbTJrYg==

    Социалдык медиада бөлүшүү