МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ КУТ БОЛСУН!


  • 2024-09-23

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил майрамынын 35 жылдыгын чоң кубаныч жана сыймыктануу менен белгилеп жатабыз!
Кыргыз тили - элибиздин рухун, тарыхын жана маданий байлыгын муундан муунга жеткирген баалуу мурасы. 
Бул маңыздуу күнү тилибиздин байлыгын жана терең тамырын эстеп гана тим болбостон, ошол эле учурда аны сактап, коргоп, келечек муунга өткөрүп берип жаткан ар бир адамдын эмгегине таазим этебиз.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети негизделген күндөн тарта кыргыз тилин атуулдук жана мекенчилдик аң-сезими менен коргоп келет. 
Кыргыз тилинде билим берүүдө теориялык жактан да, практикалык жактан да чоң ийгиликтерге жетишкен “Манас” университети бул жаатта жетишкендиктери менен ар дайым алдыңкы окуу жай болуп келет.
Окутуучуларыбыз кыргыз тилин окутуу боюнча кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүп, бул багыттагы методикага ылайык бир катар окуу китептерин чыгарышкан. Заман талабына ылайык, окуу топтомдорун өнүктүрүү менен окуу процессин натыйжалуу, кызыктуу, жеӊил  жүргүзүү максатында дайыма изденип, улам жаңыртылган окуу материалдарын жаратуунун үстүндө иш алып барып келишет.
“Манас” үй-бүлөсү катары, бул куттуу жолдо салым кошкондордун баарын куттуктап, ар дайым кыргыз тили жаркырай беришине тилектешпиз!

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университети

    Социалдык медиада бөлүшүү