“Манас” университетинин студенти окуусун Москвада улантууда


  • 2024-09-24

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенти Арина Сулкайдарова 2024-2025-окуу жылынын күзгү семестринде Россиянын алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясында окуусун улантып жатат.

Эки тараптуу кызматташтыктын алмашуу программасынын алкагында Москва шаарында жайгашкан Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясында окуусун улантып жаткан биздин студент эл аралык деңгээлде академиялык билимин жана тажрыйбасын кеңейтүүдө.

Арина Сулкайдарованы бул маанилүү жетишкендиги менен куттуктап, окуусуна ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAS3s1INtxK/

    Социалдык медиада бөлүшүү