“Манас” университетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди


  • 2024-09-24

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө арналган илимий жыйын уюштурулду. “Азыркы кыргыз тилинин актуалдуу маселелери” аттуу иш-чара Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү.

Иш-чарага КТМУнун биринчи проректору, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева, профессордук-окутуучулук курам жана көптөгөн студенттер катышты.

Илимий жыйын эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды. Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык тил улутту улут кылган эң маанилүү элементтердин бири экенин белгилеп, эне тилге керектүү маани берилиши керектигине көңүл бурду. Профессор Алпаслан Ашык өз сөзүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университети кыргыз тилинде билим берген алдыңкы жана кадыр-барктуу окуу жай экенин да баса белгиледи.

“Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев куттуктоо сөзүндө күндүн тарыхына кыскача токтолуп, мындай деп улантты: “Бүгүн абдан кубанычтуу күн, себеби биздин ата-бабаларыбыз,  Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев сыяктуу мамлекетибиздин куруучулар бул күндөрдү эңсешкен, бирок аны куттуктоо бүгүнкү муунга насип болуп жатат. Биз дагы өз кезегинде тилибизди, маданиятыбызды кантип сактап калабыз деп ойлонушубуз керек. Тилибизди жакшы көрө турган болсок, мамлекетибизди да, маданиятыбызды да жакшы көрөбүз!”

“Биздин окуу жай 30 жылга жакын убакыттан бери кыргыз тилинде билим берүү менен анын жайылуусуна жана өнүгүүсүнө зор салым кошуп, Манастын атын сыймыктануу менен алып жүрөт. Албетте, өз тилибизде эркин сүйлөө менен бирге заман талабына ылайык чет тилдерди да үйрөнүшүбүз зарыл” , - деген биринчи проректор “Манас” университетинин студенттеринин 3-4 тилде сүйлөй алганы чоң сыймык экенин кошумчалады.

Биринчи проректор Ибраев илимий жыйындын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар тилди коргоо жана жайылтууда зор мааниге ээ экенин билдирди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаеванын жетекчилигинде илимий жыйын өткөрүлдү. Илимий жыйында баяндамачылар; профессор Бурул Сагынбаева “Кыргыз тилиндеги тилдик эрежелердин бузулуу себептери”, социология бөлүмүнүн кенже илим.кызм.док. Нургуль Сулейманова “Кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсү жана андагы олуттуу маселелер” жана түркология багытынын докторанты Сатыбалды Көчөрбай уулу “Социалдык тармактарда кыргыз тилин колдонууда кетирилген типологиялык каталар” аттуу темаларда баяндама жасашты.

“Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин ага окутуучуларына мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин ага окутуучуларына кыргыз тилинде окуу китептерин даярдап, дене тарбия  жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Спорт илимдери факультетинин дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүнүн ага окутуучусу Арина Казакбаева “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги” төш белгиси менен сыйланып, ал эми машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн ага окутуучусу, док. Тахмира Сабралиевага Ардак грамота тапшырылды

Кыргыз тилинин учурдагы актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулаган бул маңыздуу иш-чара катышуучулардын көңүлүн бурду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DASjmA2t8os/

    Социалдык медиада бөлүшүү