ТҮРК ТИЛ КҮНҮ КУТ БОЛСУН!


  • 2024-09-26

Миңдеген жылдык тарыхы бар түрк тили – улутубуздун маданиятын жана маданий мурасын муундан муунга жеткирген эң баалуу кенчи, эң кымбат байлыгы.

Ар бир тамгасы, ар бир сөзү менен улутубуздун тамыры терең өтмүшүнө күбө болгон түрк тили кечээгидей бүгүн да бизди биз кылган эң чоң баалуулук, улуттук өзгөчөлүгүбүздүн эң күчтүү символу.

Тил тек гана баарлашуу каражаты болбостон, ынтымактын жана боордоштуктун да белгиси.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары тамыры терең тилибизди сактап калуу жана келечек муундарга эң мыкты деңгээлде жеткирүү үчүн көптөгөн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Санариптештирилген дүйнөдө тилибизди бүт оригиналдуулугу менен сактап калууга кам көрүп жатабыз. Буга байланыштуу түрк тилибиздин өнүгүп-өсүшүнө, байытылышына жана жайылышына өтмүштөн азыркыга чейин салым кошкон ар бир адамга терең ыраазычылык билдиребиз!

Түрк тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

 

Кыргыз-Түрк Манас университети

    Социалдык медиада бөлүшүү