Даярдоо курсунун студенттерине багыт берүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү


  • 2024-10-02

2024-жылдын 30-сентябрында студенттик кеңеш башкармалыгы чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсунун студенттерине багыт берүү боюнча жолугушуу өткөрдү.

Конгресс жана маданият борборунда уюштурулган жыйынга КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, окутуучулар, студенттик кеңеш башкармалыгынын  өкүлдөрү жана даярдоо курсунун студенттери катышты.

Жыйын биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраевдин ачылыш сөзү менен башталды. “Манас” университетинин босогосун жаңы аттаган даярдоо курсунун студенттери менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин айткан биринчи проректор Ибраев сөзүн мындай деп улантты: “Мындан ары сиздер менен сапарыбыз бир, биргеликте 5 жыл чогуу болобуз, андыктан сапарыбыз байсалдуу, жолубуз жеңил болушуна тилектешмин.”

Биринчи проректор ийгиликке жетүүдө билим алуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, буларга токтолду: “Силер КТМУга тапшыруу менен  эң туура чечим кабыл алдыңар.  Себеби КТМУ Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда алдыңкы университеттердин бири. Канчалык сапаттуу билим алып, талыкпай аракет кыла турган болсоңор, ошончолук аракетиңердин жемишин көрөсүңөр.”

Жыйында биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев КТМУда билим алууга түзүлгөн шарттар, студенттерге берилген мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берип, булардын негизинде студенттер өздөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушарын билдирди.

Багыт берүүчү жолугушуунун жүрүшүндө студенттик кеңеш башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан факультеттер, бѳлүмдѳр, алмашуу программалары, стипендия, студенттик клубдар боюнча презентациялар жасалды.

Иш-чара концерттик программа менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAm9sLJNXQf/

    Социалдык медиада бөлүшүү