“Манас” университетинде Эразмус+ программасы тууралуу маалыматтык семинар өткөрүлдү


  • 2024-10-03

Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде академиялык кызматкерлер жана студенттер үчүн Эразмус+ программасы тууралуу маалыматтык семинарлар өткөрүлдү.

Семинарлар Эразмус+ программасынын Кыргызстандагы координаторлугу тарабынан уюштурулуп, Европа Биримдигинин билим берүү, окутуу, жаштар жана спортту колдоо боюнча программасы (Эразмус+) жөнүндө деталдуу презентация жасалды.

Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ кеңсесинин өкүлдөрү; Нургүл Касенова жана Ариза Каракетова катышуучуларга аталган программага тапшыруу жолдору, берген мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары боюнча кеңири маалымат беришти. Мындан тышкары, программанын долбоорлору жана актуалдуу конкурстар тууралуу деталдуу айтып беришти.

Семинардын жүрүшүндө академиялык кызматкерлердин жана студенттердин академиялык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, чет өлкөдө билим алуу жана эл аралык тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Иш-чаранын соңунда уюштурулган суроо-жооп бөлүгүндө академиялык кызматкерлер жана студенттер Эразмус+ боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DApmOBwtE2X/?igsh=MTAzMjl2aTN2NTZleQ==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DApmgwZt-pe/?igsh=MTdxamplbGVydDAzdA==

    Социалдык медиада бөлүшүү