5-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү куттуу болсун!


  • 2024-10-05

Урматтуу окутуучулар!

Келечектин пайдубалын бекемдей турган негиз катары жаш муундарга жол көрсөткөн инсандар - сиздерсиздер. Ар бириңиздер билим, зор эмгек жана чыдамкайлык менен студенттерге жарык чачып, аларды турмушка даярдап жатасыздар. Биздин келечектин кепилдиги болгон муундар сиздердин көзөмөлдө калыптанып, көчөт сыяктуу өзгөчө камкордук менен өсүп, коомго жана адамзатка салым кошо ала турган күчтүү инсандарга айланышууда.

Билим – коомдун өнүгүүсүндө маанилүү элементтердин бири. Кымбаттуу окутуучулар, сиздер бул жолдо студенттерге билим гана эмес, ошол эле учурда баалуулуктарды да үйрөтүү менен алардын жеке жана социалдык өнүгүүсүнө багыт берип жатасыздар. Зор эмгегиңиздер өлкөбүздүн жаркын келечегин түптөөдө эң чоң үлүшкө ээ.

Ар бириңиздер коомдун аң-сезимин жогорулатууда, инновациялык идеяларды жана таланттарды жаратууда маанилүү роль ойнойсуздар.

Келечектеги лидерлерди, илимпоздорду жана агартуучуларды өстүрүп, жүрөктөргө илим нурун сээп жаткан кымбаттуу окутуучуларыбыздын эмгеги баа жеткис.

Сиздерди “Манас” университетинин жалпы жамаатынын атынан 5-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт жана ийгилик каалайбыз!

 

Кыргыз-Түрк “Манас университетинин ректораты

    Социалдык медиада бөлүшүү