КТМУда профессор Асан Өмүралиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди


  • 2024-10-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин табигый илимдер факультети тарабынан үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн мурдагы башчысы, ага окутуучу, профессор Асан Өмүралиевдин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кече уюштурулду.

Конгресс жана маданият борборунда өткөн иш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуусу, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын  лауреаты, Россиянын табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Асан Өмүралиев, анын жакын-санаалаштары, табигый илимдер факультетинин профессордук-окутуучулук курамы менен студенттер катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн табигый илимдер факультетинин деканы, б.и.д., профессор Гүлбүбү Курманбекова Асан Өмүралиевдин илим дүйнөсүнө тартуулаган баалуу эмгектерин баса белгилеп, анын академияга да, студенттерге да кошкон салымына көңүл бурду. Б.и.д., профессор Гүлбүбү Курманбекова өз сөзүндө буларга токтолду: “Асан Өмүралиевдин берген сабактары, тарбиялаган студенттери менен биз ар дайым сыймыктанабыз. Өмүрүнүн 60 жылын өзү сүйгөн кесипке арнаганын көрүп турабыз, оор кыйынчылыктарга карабай багытын бузбай, агарып, көгөрүп ишин улантып отурат жана бул жигердүү өмүрү жалпыга өрнөк.”

Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Асан Өмүралиевдин өмүрү, илимий иштери боюнча маалымат берген тасма көрсөтүлдү. Андан соң профессор Өмүралиевдин студенттеринин куттуктоо сөздөрүнө орун берилди. Салтанаттуу кеченин уюштуруучуларына, келген конокторго ыраазычылык билдирген профессор Өмүралиев мындай деди: “Ректораттын тапшырмасы менен тартылган кыска метраждуу тасма мага абдан чоң белек болду. Бул белек жеке мага эмес, балдарыма, небере-чөбөрөлөрүмө дагы эстеликке калат. Куттуктоолорго жана каалоо-тилектерге рахмат!”

Кечени концерттик номерлер коштоду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAz9JF3NzZs

    Социалдык медиада бөлүшүү