Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректорлору дайындалды


  • 2024-10-08

Теология факультетинин диндерди таануу бөлүмүнүн окутуучусу, PhD., профессор Режаи Доган жана экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу, PhD., профессор Камалбек Карымшаков 2024-жылдын 8-октябрынан тарта проректор болуп дайындалды.

Куттуктоо ректоратта расмий программа менен коштолду.

Жаңы дайындалган проректорлорго кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрукту ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев тапшырып, ийгилик каалашты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DA25zDwNaSu/

    Социалдык медиада бөлүшүү