“Манас” университетинде студенттик клубдардын жарманкеси өзгөчө шаң менен өттү


  • 2024-10-08

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында жана фойеде студенттик клубдардын жарманкеси өткөрүлдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик кеңеш башкармалыгы тарабынан уюштурулган аталган иш-чарага биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана көптөгөн студенттер катышты.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө окуу жайдагы студенттик клубдардын университет жашоосуна жана жеке өнүгүүгө кошкон салымдары тууралуу айтып берди.  “Биздин университетте сапаттуу билим алуу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Студенттердин өнүгүүсүнө зор салым кошкон мындай бирикмелерге мүчө болуу кругозор кеңейтүү менен бирге жаңы тажрый алууга жана Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайлар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”,  – деген биринчи проректор Ибраев студенттерди бирикмелерге мүчө болууга үндөдү.

Иш-чарада “Манас” дебаттык клубу, “Ойлоншоу”, “Инсандык өнүгүү”,  “Биота”, “E-LAB” жана “Manas E-Spor” сыяктуу бир нече студенттик бирикмелердин өкүлдөрү өздөрүнүн ийримдери менен тааныштырып, долбоорлору, клубдарга мүчө болуу боюнча кеңири түшүндүрүп, суроолорго жооп беришти.

Студенттер өздөрү каалаган клубдарга мүчө болуу менен студенттик жашоосун активдүү,  жана жемиштүү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DA3He92tU2b/

    Социалдык медиада бөлүшүү