Башкы дарыгер Жевдет Түркйүрек ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту


  • 2024-10-11

Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын башкы дарыгери Жевдет Түркйүрек 2024-жылдын 10-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Ректоратта уюштурулган жолугушууда башкы дарыгер Жевдет Түркйүрек жаңы окуу жылы PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана “Манас” университети үй-бүлөсү үчүн ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан бул жолугушууга кубанычта болгонун билдирип, Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы менен “Манас” университетинин ортосундагы кызматташтык мындан ары да бекемделет деген ишеничин баса белгиледи.

Жолугушуу эки мекеменин ортосундагы достук мамиленин чыңдоо боюнча жакшы тилектерди айтуу менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DBAm7-XN8lG/

    Социалдык медиада бөлүшүү