КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борборуна 37 билим берүү программасы боюнча лицензия берилди


  • 2024-10-14

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борборуна 37 билим берүү программасы боюнча лицензия тапшырды. Бул тууралуу Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун төрагасы, доцент Эркан Эфилти кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 1-августундагы №1202/1 буйругу (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечими, 2024-жылдын 29-июлундагы №12-3 протоколу) негизинде КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору 37 билим берүү программасы боюнча окутуу ишин жүргүзүү укугуна тийиштүү лицензия алды. Анда көк бөрү оюну боюнча калыстарды даярдоо, коомдук тамактандыруу ишканаларын долбоорлоо, кондитер, биотехнология, оратордук чеберчилик, кыргыз, түрк, англис тилдери, 1С бухгалтердик курсу жана башка билим берүү программалары бар.

Доцент Эфилтинин айтымында, аталган борбор КТМУнун студенттерине жана кызматкерлерине гана эмес, кыргыз элине да кызмат көрсөтүү үчүн ачылган эшик.

Жалпы коом менен кызматташуу жана социалдык колдоо көрсөтүү жаатында КТМУ чоң айырмачылыкты жаратат деген ишеничин билдирген борбордун төрагасы Эфилти буларга токтолду: “Ректор, PhD., профессор Алпарслан Жейландын бул жааттагы көрсөтмөсүнө ылайык, окуу жайыбыз негизделгенден бери ишмердүүлүгүн улантып келе жаткан Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун курстары учурда лицензияга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан тастыкталды. Эми биз билим берүү программаларын лицензиянын негизинде ачып, билим беребиз жана бүтүндөй коомго багытталган университеттин курстарын ача алабыз.”

Белгилей кетсек, Үзгүлтүксүз билим берүү борбору бакалавриат жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программмаларынан сырткары окутуу жана изилдөө иштерин жүргүзгөн бардык тармактар боюнча окуу программаларын даярдоо, ошондой эле университеттин мамлекеттик, жеке менчик, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгынын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында иш алып барып келет.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DBGJ7HdtkCf/

    Социалдык медиада бөлүшүү