Түркия Республикасы 101 жашта: Кылым ашкан биримдик жана ынтымак “Манаста” 29-октябрь - Республика күнү


  • 2024-10-26

2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түркия Республикасынын негизделишинин 101 жылдыгын конгресс жана маданият борборунда бир нече адамдын катышуусунда белгиледи.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD.,  профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, маданият боюнча кеңешчиси Сакине Солмаз Хаберал, Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын башкы дарыгери Жевдет Түркйүрек, “Маариф” фондунун Кыргызстандагы өкүлү Хүснү Биржан сыяктуу коноктор менен катар профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаш жолдоштору баш болгон мекен үчүн жанын курман кылган бардык шейиттерди, ошондой эле Тусаштагы террордук кол салууда курман болгон түрк боордошторду 1 мүнөттүк эскерүү менен башталган иш-чара  эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен улантылды. Андан соң республиканын түптөлүш процессин, Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн лидерлигин, улуттун туруктуулугун жана чечкиндүүлүгүн чагылдырган “Республика” аттуу темада даректүү тасма көрсөтүлдү. Көрүүчүлөргө эмоциялуу көз ирмемдерди тартуулаган даректүү тасмада Ататүрктүн концепциясы жана Республиканын пайдубалын түптөгөн оор күрөштөр таасирдүү түрдө баяндалган.

Толугу менен көз карандысыз Түркия

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Түркиянын тарыхындагы маанилүү окуяларга токтолуп, көз карандысыздыктын баалуу экенин жана кыргыз-түрк боордоштугунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. “100 жыл мурун, 1923-жылы Түркия эгемендикке жетти. Ал эми бүгүн болсо биз Түркия Республикасын өнүккөн, эркин жана көз карандысыз өлкө катары сыймык менен тааныйбыз”, -деди.

Саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө Түркиянын эгемендиги үчүн күрөшкөндөрдүн курмандыктарына токтолуп, “Ошол убакта көптөгөн адамдар шейит кеткен; канчалаган адамдар мекени, эгемендиги үчүн курман болушкан. Бүгүн биз аларга дуба кылып, куран окуу менен эскеришибиз керек”, - деди. Мындан тышкары, ал студенттерге кайрылып, “Тарыхыбызды үйрөнгүлө, ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолуна сый-урмат көрсөткүлө. Бул эң баалуу адеп, - деп алардан өткөндү коргоону өтүндү.

Түркиянын келечегине карата каалоо-тилектерин да бөлүшкөн саясий и.к., доцент Ибраев: “Түркия мамлекети ар дайым эркин, көз карандысыз жана өнүккөн өлкө бойдон калууну уланта берсин!” –деди. “Түркия Республикасын, боордош түрк элин жана “Манас” университетиндеги урматтуу кесиптештерибизди 29-октябрь - Республика майрамы менен чын дилимден куттуктайм!” –деп сөзүн жыйынтыктады.

 “29-октябрь – Түрк элинин көз карандысыздык жана эркиндик үчүн күрөшүнүн символу

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан  сөзүн Түркия Республикасынын негизделгенинин 101 жылдыгын куттуктоо менен баштап, буларга токтолду: “2023-жылы биз Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгын өзгөчө шаң менен белгиледик. Бүгүн биз республикабыздын экинчи жүз жылдыгынын биринчи жылын артта калтырдык. Бүгүн бул жерде өлкөбүздүн 101 жылдыгын ата-бабаларыбыздын жеринде, Кыргызстанда белгилөөнүн кубанычын жана сыймыгын жашап жатабыз. Өлкөбүзгө багытталган бардык коркунучтуу кол салууларга карабастан, Түркия Республикасы түбөлүк жашайт.” “Түркия Республикасы – өзүнүн бар болушун, көз карандысыздыгын жана эркиндигин баарынан жогору койгон түрк улутунун эмгеги. Бул сыймыкты бүгүн бул жерге чогулган түрк-кыргыз боордоштугу менен бөлүшүү биз үчүн өзгөчө мааниге ээ”, - деди.

Республика – келечекке калтырылган эң баалуу мурас

PhD., профессор Жейлан өз сөзүндө Түркиянын ар бир карышы ата-бабалардын канына жуурулушканын жана бул баатырдык эпостун республика менен биргеликте дагы чоң мааниге ээ болгонун айтты. Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн башкаруу ыкмасын өзгөртүү гана эмес, республика менен биргеликте элдик эрктин толук ишке ашырылуусу экенин баса белгиледи. PhD., профессор Жейлан республиканын түрк элине берген баалуулуктары түбөлүккө сакталат деген ишеничин билдирип, “Республика - бул бизге өткөндөн гана калган мурас эмес, келечекти курууда бизди тездете турган эң маанилүү кыймылдаткыч элемент. Мекендин жана республиканын баркын билип, коргогула жана аны менен сыймыктангыла!” - деди. Түркия Республикасынын жетишкендиктерин ата-бабалардын жеринде мындан ары да өнүктүрүү алардын милдети экенин кошумчалады.

Эки боордош жана дос өлкө - Түркия менен Кыргызстандын биримдиги жана тилектештиги, ошондой эле жаштардын республиканын баалуулуктарын аңдап түшүнүүсүнүн маанилүүлүгүнө токтолгон ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан: “Биздин жаштар – биздин республиканын кепилдиги жана эртеңки күндүн лидерлери. Ушул себептен улам, биз жаштарды чоң жоопкерчилик жана мурас катары алган республиканы түбөлүккө жашатууга кызмат кыла алуусу учун билим, акылмандык жана эркиндик рухун кабыл алууга чакырабыз. Алардын кошкон салымы менен Түркия Республикасы жана түрк мамлекеттери дагы жаркын келечекке жетишет.”

Бул кылым – Түрк кылымы

Түркия Республикасынын экинчи кылымга чечкиндүүлүк жана ишеним менен кирип жатканын айткан PhD., профессор Алпаслан Жейлан: “Бул кылым, буюрса, түрк кылымы болот”, - деп түрк мамлекеттер уюмунун түптөлүшүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. “Түрк дүйнөсү 1992-жылдан баштап биргелешкен иш-аракеттерди жасай баштады. Алгач кеңеш башкармалыгы, андан кийин уюмдун негизделиши, лидерлердин деңгээлинде үзгүлтүксүз саммиттердин өткөрүлүшү – бул позитивдүү багытта жасалган кадамдар. Азербайжандагы окуялар түрк мамлекеттеринин бири-бирин колдоп, көйгөйлөрү менен кызыкчылыктарына кам көргөнү канчалык маанилүү экенин көрсөттү.”

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түрк дүйнөсү болууга убакыт келди.

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан республиканын 101 жылдыгында түрк дүйнөсүнүн биримдигинин маанисин баса белгилеп, “Бул кылым түрк кылымы болушу үчүн биз бардык тармакта бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иш алып барышыбыз керек. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түрк дүйнөсү болууга мезгил келди. Акыл менен жүрөктүн биримдигине кезек келди. Ата-бабалардан калган мурастарды келечек муундарга таза өткөрүп берүү мезгили келди. Жаштарыбыздын республиканын келечегин түбөлүккө көтөрүүгө даяр болушуна кам көрүүгө убакыт келди. Буга ылайык, “Манас” университетинин эң негизги максаты – билим берүү тармагындагы өз милдетин аткарганы”

PhD., профессор Алпаслан Жейлан сөзүнүн аягында: “Түркия Республикасы түбөлүккө калат!” - деп жалпы түрк дүйнөсүн ушул максатка умтулууга чакырып, катышуучуларды Республиканын 101 жылдык майрамы менен куттуктады.

 “Кечээкиден бүгүнкүгө чейин республика”

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык “Кечээкиден бүгүнкүгө чейин республика” темасында семинар өттү.

Гуманитардык факультеттин деканы, PhD.,  профессор  Алпаслан Ашык республиканын түптөлүү процесси жана улуттук эгемендик принциби жөнүндө айтып берди. Түркиядагы конституциялык процесс 1808-жылы “Сенеди-Иттифак” менен башталып, Танзимат жана Ислахат жарлыктары менен уланып, Осмон империясынан республикага өтүү азаптуу күрөштүн натыйжасында ишке ашканын белгилеп, Республика улуттук эркке таянган башкаруу түшүнүгүнө негизделгенин баса белгиледи.

PhD.,  профессор  Алпаслан Ашык республиканын жарыяланышы менен мамлекетти башкаруу улуттук эрктин колуна өткөнүн жана аялдарга добуш берүү укугун берүү сыяктуу көптөгөн тармактарда реформалар болгонун айтты. Ошондой эле, ал өз сөзүндө “Түрк мамлекети - бул кызыл алмасын курчап турган дүйнөгө эле эмес, космоско жеткире алган мамлекет. Мындай алып барган иштери менен түрк эли үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү бардык түрк жамааттары жана адамзат үчүн чечкиндүүлүк жана ылдамдык менен уланууда”, - деди.

PhD.,  профессор  Алпаслан Ашык Түркия менен түрк мамлекеттеринин орток идея жана ойдо болушуна шарт түзүү жагынан республика абдан маанилүү экенин белгилеп, бул ийгиликке жеткен жолдор кыйынчылыктар менен өткөнүн айтты.  Сөзүнүн аягында: “Түрк улуту келечегин болуп көрбөгөндөй күч, туруктуулук жана чоң кызыгуу менен калыптандырууну улантууда”, - деди.

Эскерте кетсек, КТМУ Республика майрамын белгилөө иш-чараларынын алкагында 28-октябрь күнү шамана менен жөө жүрүш өткөрмөкчү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBlM4LtN2pA/?igsh=bWJzbXM3cDdibHoz

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DBlFB-NNRUS/?igsh=OWV2aG82a2Vyb3U3

    Социалдык медиада бөлүшүү